Бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциясы өтүп, 500 азык-түлүк баштыгы таратылды. Иш-чара Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин базасында уюштурулду.
Акция Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкектеги программаларды координациялоо кеңсесинин колдоосу менен, ыйык Рамазан айынын алкагында өткөрүлдү.
Азык-түлүк баштыкчалары Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары арасынан министрлик тарабынан аныкталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тапшырылды.
Министрлик муктаж жарандарды колдоого багытталган социалдык демилгелерге көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, мындай жардам иш-чаралары мындан ары да улантыларын белгиледи.

