Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИзраилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран элине кайрылды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран элине кайрылды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылуусунда «Ирандын жогорку лидери каза болгонунун белгилери көбөйүүдө» деп билдирди.

Анын айтымында, Али Хаменеинин резиденциясы аба соккуларынын натыйжасында талкаланган.

Нетаньяху иран элине кайрылып, соккулар аларга «тираниядан бошонууга» жардам берерин айтты. Ал бул учурду «бир муунда бир жолу берилчү мүмкүнчүлүк» деп атап, ирандыктарды режимди кулатууга чакырды.

«Көчөгө массалык түрдө чыккыла» жана «ишти аягына чыгаргыла», — деди ал. «Тарыхый миссияны аткаруу үчүн биригүү убактысы келди», — деп кошумчалады Израил өкмөт башчысы.

Кайрылуусунун соңунда Нетаньяху Израил жарандарына Тыл командачылыгынын коопсуздук боюнча көрсөтмөлөрүн так сактоону эскертип, Иранга каршы операция «канча керек болсо, ошончо убакытка чейин» уланарын белгиледи.

Буга чейин Израилдин айрым маалымат каражаттары Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Бирок Иран бийлиги бул маалыматты расмий түрдө төгүндөдү.

Ормуз кысыгы жабылды

Иран Ормуз кысыгын — мунай жана газ жеткирүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон деңиз жолун — жабык деп жарыялады. Бийлик бул чечимди АКШ жана Израил тарабынан жасалган соккулардан кийин коопсуздук кырдаалынын курчушу менен түшүндүргөн.

Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Корпус стражей исламской революции (КСИР) кысык аймагындагы кемелерге эскертүү берип, учурда бул аймак аркылуу өтүү кооптуу экенин билдирген.

Окуя боюнча расмий маалыматтар такталып жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар