Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте ротордук парковка ишке берилди

Бишкекте ротордук парковка ишке берилди

Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарынын аймагында ротордук унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган унаа жай 10 унаага ылайыкталган.

Унаа токтотуунун баасы биринчи саатына 25 сом, андан кийинки ар бир саатына өзүнчө 25 сомдон алынат. Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлөт. Андан кийин айдоочу операторго чекти көрсөтүп, унаасын токтотуучу жайдан чыгарып алат.

Мэрия бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай унаа токтотуучу жайларды борбордун башка жерлерине да орнотууга болорун билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар