whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешДепутат: "Ошто жол кеңейтилет деп бир айылдын үйлөрү бузулганы турат"

Депутат: «Ошто жол кеңейтилет деп бир айылдын үйлөрү бузулганы турат»

Ошто жол кеңейтилет деп бир айылдын үйлөрү бузулганы турат.

Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков парламентте билдирди. Кеп Кара-Кулжа районундагы 152 түтүн жайгашкан Жийде айылы тууралуу болууда.

Эл өкүлү 2023-жылы автожолдор жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынганын эске салды. Депутат мыйзамга ылайык, Жийде, Октябрь, Тоготой айылындагы жолдор мыйзамдагы 5-категорияга туура келет деп табылып, Жийде айылындагы үйлөрдүн 100%ын бузууга токтом чыккандыгын билдирди.

Ага чейин ЖК спикери жолдорду кеңейтүү үчүн короолорду бузуп, жылдырып жаткан аткаруу бийлиги айрым учурда аша чаап кетип жатканын айткан.

“Аткаруу бийлиги муну этиятташ керек. Жөн жаткан элди козутуп жатат. Кызыл сызыктан чыгып кеткендер өзү эле түшүнүп, бузуп, тартипке келтирүүгө макул. Бирок аша чаап кеткен учурлар болууда”, — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар