Мелис Абакиров башкалардан ар дайым айырмаланып турчу. Биринчиден, жогорку маданияты бар, нака интеллигент адам эле. Экинчиден, ар дайым оюндагысын ачык айтчу. Тууганга да, жакынга да, алыска да карачу эмес. Ошон үчүн кээбирлер анын ошо бетке чабарлыгынан коркчу, дагы эмнени элдин көзүнчө айтып салат деп чочулап турушчу.
Үчүнчүдөн, жакшы санаалаш кишисинен эч нерсесин аячу эмес. Берешендиги, колу ачыктыгы, меймандостугу укмуш эле. Төртүнчүдөн, мыкты жетекчи, уюштургуч болчу.
Ал иштеген заманда «Адабият» басмасы өзүнүн гүлдөгөн доорун баштан кечирди го. Китептер биринин артынан бири чыгып, бирок басмадан чыгардан мурун тыкыр иргелип, мыкты редакциядан өтүп, рецензенттин баасын алып, анан типографияга түшчү. Эң биринчи да, эң акыркы да окурманы Мелис Абакиров өзү боло турган.
Мелис аганын бир элеси эстен кетпейт: мени Кыргызмамбастагы чоң кабинетине чакырып алып, бир катар орусча чыккан ыр жана проза жыйнактарына обзор жазып кел деп тапшырма берди. Анда менин жаш окумуштуу, жаш изденүүчү болуп, кандидаттык диссертациямды жаңы коргоюн деп камынып жүргөн кезим. Кандидаттык диссертацияны, эгер билимиң, интеллектиң, чогулткан материалың болсо жазып коюш анча деле оор маселе эмес, бирок аны жакташ, коргош өтө кыйын маселе. Эң негизгиси, акча керек болчу. Тияк-биякка чапкылашың керек. Иштеген ишиңди бастырышың керек, китеп чыгарышың керек ж.б.у.с.
Менин ошол акыбалда экенимди билип, Мелис акем мени атайын акча таап алсын деп, обзор жаздырып, бир эмес, бир нече китепти колума карматып, тапшырма бергени мен үчүн, чынын айтсам, үстүмө тон жаап, астыма ат тарткандай эле болгон.
Кийин сураштырсам ошо эле жардамды Москвада аспирантурада окуп жүргөн Абдыганы Эркебаевге да бир нече жолу берген экен. Камбаралы Ботояровду да (ал да Москвада окучу) ошентип «багып» жүрчү экен. Мына акылман кишинин жасаган иши, көрөгөч инсандын көрсөткөн колдоосу.
Мелис Абакиров жаратылышынан, адамдык жасатынан ак сөөк болчу. Бир нерсени жасабайм десе канча сурансаң да жасабай койчу. Жактырбаган нерсесин эч качан бирөөнүн көңүлүнө карап жасачу эмес. Бирок жактырган, көңүлү түшкөн адамынан эч нерсесин аячу эмес.
Дайыма шатыра-шатман, жайдары маанайда жүргөнү менен турмушка көз карашы терең, кыраакы адам болчу. Ошон үчүн «Көкөй кести» романын тыкыр отуруп, шашпай баса отуруп жазды.
«Көкөй кести» романы М. Абакировдун чыгармачылык бийик сереси, жазуучулук таажысындагы жаркырап жанган жылдызы десек туура болот. Ушул эле катарда анын «Алмалуу бак» чыгармасы, аны менен катар «Барымта» повести да турат.
…Сүйүктүү агабыздан жаркын элеси, калтырып кеткен адабий беренелери эч качан унутулбайт. Ар дайым эсибизде болот.