whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.03.2025
18.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү"Кыргыз Туусунда" "Кыргыз жараны" талкууланды

«Кыргыз Туусунда» «Кыргыз жараны» талкууланды

Бүгүн “Кыргыз Туусу” гезитинин кеңсесинде, “Кыргыз жараны” концепциясынын негизинде,  Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин катышуусунда «Кыргыз жараны ким жана кандай болуш керек?» аттуу теманын алкагында кереге кеңеш өттү.

Талкууга профессорлор Жамгырбек Бөкөшов,  Назаркул Ишекеев, Нур Саралаев, Венера Акматова, “Манас” улуттук академиясынын жоопту катчысы Чынара Салиева, эксперт Чоробек Сааданбеков, төкмө акын Садырбек Турдубек уулу катышты. Кереге кеңеште, “Кыргыз жаранын” калыптандырууда кандай максаттар жана иш аракеттер аткарылышы керек экени айтылды. Концепцияны ишке ашырууда билим берүү жана маданият министрлигинин аракеттери болушу керектигин баса белгилешти. Бала бакчадан баштап жарандуулука тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үйрөтүү негизги максат болушу керек. Кыргызстанда жашаган жарандардын, улутуна карабай бардыгы Кыргыз мамлекетин сыйлоого, урматтоого жана бирдей укукта кызмат кылууга милдеттүү…-деген ойлор айтылды.

Бул жолку талкуу “Кыргыз Туусу” гезитинин демилгелеген маданий-интеллектуалдык иш чаралардын алгачкыларынын бири. Талкууну белгилүү журналист Керим Айдаров алып барды. Ушундай багыттагы талкуу, Мамлекеттик катчынын сунушу менен ай сайын өтүп тура турган болду.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар