Ош облусунун Араван районунда дыйкандар пекин капустасынын алгачкы түшүмүн жыйноого киришип, продукцияны чет өлкөгө экспорттой башташты. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул айыл чарба өсүмдүгүнө жалпысынан 30 гектар жер бөлүнүп, анын төрт түрү өстүрүлгөн. Учурда дыйкандар эрте бышкан “Босай” сортун жыйнап жатышат. Бир баш капустанын салмагы орточо эсеп менен 1 килограммдан 3 килограммга чейин жетет.
Бүгүнкү күнгө карата фермерлер 45 тонна продукцияны Россия рыногуна экспорттоого жетишишти. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн баамында, жыл жыйынтыгында жалпы түшүмдүн көлөмү 450 тоннага жетет.
Ошондой эле жыйнала турган продукциянын дагы бир бөлүгүн экспортко чыгаруу пландалууда.


