Францияда Дисней паркы оңдоп түзөөдөн кийин ачылды

«Диснейланд Париж» паркы ири реконструкциядан кийин жаңы тематикалык аймак менен кеңейди. Диснейдин белгилүү «Фрозен» мультфильминдеги Эренделл падышалыгы эми Париждин чыгыш тарабында реалдуу түрдө жанданды.

Жаңы долбоордун алкагында парк 29-марттан тарта расмий түрдө «Disney Adventure World» деп өзгөртүлүп, анын негизги өзгөчөлүгү “Фрозен дүйнөсү” болду. Бул ири жаңылануу 2 миллиард евро инвестициянын негизинде ишке ашкан.

Коноктор эми Эльза, Анна жана башка каармандар менен бирге түндүк тоолордон муз сарайына чейин “саякаттап”, интерактивдүү үй-бүлөлүк аттракциондордон ырахат ала алышат. Ошондой эле аймакта скандинавиялык стилдеги айыл, лагуна жана балдар менен баарлаша алган робот-кар адам да бар.

Реконструкциянын жүрүшүндө парктын 90 пайызга жакын бөлүгү жаңыланып, чоң көл, “Рапунцель” аттракциону, 15 жаңы ресторан жана заманбап технологиялар менен жабдылган түнкү шоу кошулду.

Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, “Фрозен” жомогу Европанын маданий салттарына терең байланыштуу болгондуктан, аны Париждеги паркка киргизүү табигый чечим болгон.

Парк 1992-жылы ачылганда катуу сынга кабылып, айрым француз интеллектуалдары аны “маданий Чернобыль” деп аташкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал 445 миллион конокту кабыл алып, 70 миңдей жумуш ордун түзгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз