Дубайда ракета жана дрон соккуларын сүрөткө тарткан Австралиянын эки жараны 2 жылга камалышы ыктымал.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүктөр БАЭде эс алып жүрүп, Дубайдын асманында учуп жаткан дрондорду жана ракеталарды видеого тартып алышкан. Туристтердин бири тартылган сүрөттөрдү жеке билдирүү аркылуу тууганына жөнөткөн. Бул факт жергиликтүү полициянын текшерүүсүндө аныкталган. Натыйжада, экөө тең кармалып, азыр аларга 2 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралууда.
Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги австралиялык дипломаттардын жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү өтүнүчтөрүн четке какканы айтылууда. Ушундай эле себептер менен Дубайда 150дөн ашык чет элдик жаран камакка алынганы кабарланууда.
Мындан тышкары, укук коргоо уюмдарына таянуу менен Daily Mail басылмасы Дубайда дронду сүрөткө тарткандыгы үчүн 70 британиялык жаран да кармалганын жазды.
Кармалгандардын саны көп болгондуктан, БАЭнин сот системасы ашыкча жүктөмгө туш болуп, иштерди өз убагында карай албай жатканын ММКлар жазууда. Айыпталуучулар айлап айып коюлушун күтүүгө мажбур болушууда.

