Дональд Трамп Иран АКШ тарабынан сунушталган 15 пункттан турган талаптардын “көпчүлүгүнө” макул болгонун билдирди. Бул тууралуу ал президенттик учакта журналисттер менен болгон маегинде айтты.
Анын айтымында, Вашингтон бул талаптарды Пакистан аркылуу Иран тарапка жеткирген.
“Алар пункттардын көпчүлүгүнө жооп беришти. Эмне үчүн макул болбошу керек?” — деди Трамп.
Президент ошондой эле Тегеран АКШга “дагы бир белек” кылып, Ормуз кысыгы аркылуу дагы 20 мунай танкеринин өтүшүнө уруксат бергенин белгиледи. Бул танкерлер Пакистан желеги алдында жүрөт жана күнүнө экиден кысыктан өтөрү айтылууда.
Маалыматтарга караганда, АКШ сунуштаган 15 пункттуу план төмөнкү негизги талаптарды камтыйт:
- Ирандын өзөктүк куралдан баш тартуусу;
- жогорку деңгээлде байытылган уранды өткөрүп берүү;
- өлкөнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектөө;
- аймактагы союздаш куралдуу топтордун ишин токтотуу;
- Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүшүн кайра жандандыруу.
Мунун ордуна АКШ санкцияларды алып салуу, алардын кайра киргизилишине жол бербөө жана Ирандагы Бушер атомдук станциясында жарандык өзөктүк энергетиканы өнүктүрүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган.
Бирок айрым ирандык расмий өкүлдөр бул планды “бир тараптуу” деп баалашууда. Алардын айтымында, сунушта жаңжалды ийгиликтүү чечүү үчүн зарыл болгон минималдуу шарттар каралган эмес.
Иран өз кезегинде жооп планын Пакистан аркылуу жөнөткөн. Тегеран согуш аракеттерин токтотууну, келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну, жаңжал кайталанбашына кепилдик берүүнү жана Ормуз кысыгы үстүнөн өз суверенитетин таанууну талап кылууда. Ошондой эле Иран АКШнын сунуштарын убакыттан утуп алуу аракети катары баалап жатканын билдирди.


