Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапары менен барат

Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 8-9-июлда жооп иретиндеги мамлекеттик сапары менен Дүйшөмбү шаарына барат. 

«Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен эки жактуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар мерчемделген.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда «Түбөлүк достук» концерти өтөт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар