Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПольшада миграция маселесин чечүүгө "Трамп ыкмасы" сунушталды

Польшада миграция маселесин чечүүгө «Трамп ыкмасы» сунушталды

Польшадагы оппозициялык «Укук жана адилеттик» партиясынын лидери Ярослав Качиньский миграция маселесин  менен чечүүнү сунуштады. Ал Польшага кайсы бир өлкөлөрдүн жарандарына кирүүгө тыюу салган атайын тизме түзүүнү сунуштап, бул боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатышканын билдирди. Бул тууралуу Euronews жазды.

Качиньский мындай чара коопсуздук үчүн керек экенин айтып, миграция маселеси боюнча референдум өткөрүүнү да колдоорун билдирди. Анын айтымында, референдумду талап кылган кайрылууга жарым миллион киши кол койгон.

Ошондой эле ал Германияны мыйзамсыз мигранттарды Польшага «түртүп жатат» деп сындап, азыркы премьер-министр Дональд Тускту «Берлиндин саясатынан көз каранды» деп сынга алды.

Польша 7-июлдан тартып Германия менен чек арада көзөмөл киргизген. Ички иштер министри Томаш Семоняк бул кадам Европа Биримдигинин эрежелерине ылайык экенин билдирип, Литва менен бирге миграция маселесинде кызматташууга даяр экенин айтты.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар