Башкы беткеСаясат жана коомКоомИИМ Айт жана Нооруз майрамдарына карата күчөтүлгөн режимге өттү

ИИМ Айт жана Нооруз майрамдарына карата күчөтүлгөн режимге өттү

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги алдыдагы Орозо айт жана Нооруз майрамдарына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, министрликте өткөн жыйында майрам күндөрүндөгү коопсуздук чаралары кеңири талкууланды.

Жалпы өлкө боюнча коомдук жайларда, мечиттердин айланасында жана майрамдык иш-чаралар өтчү аймактарда 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартипти камсыздайт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерине жол берилбей турганын белгиледи. Анын айтымында, жалган маалымат таратуу же чагымчылык аракеттер дароо токтотулуп, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, 20-мартта Орозо айт, ал эми 21-мартта Нооруз майрамы белгиленет.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар