Бишкек – Нарын – Торугарт жолу убактылуу жабык

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна таш кулап, учурда жол убактылуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кечээ аталган жолдун Жаңы-Жол тилкесине түшкөн.

Учурда №41 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жеринде иш алып барып, атайын техникалардын жардамы менен жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда. Кошумча маалымат берилет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз