Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук кырдаалына байланыштуу кыргызстандыктардын Умра, башкача айтканда кичи ажылык сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул маселе Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында өткөн кеңири жыйында талкууланды.
Жыйынга Коргоо кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Жарандык авиация мамлекеттик кызматы, ошондой эле авиакомпаниялар менен туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал турукташканга чейин кыргызстандыктардын Умра сапарына баруусун убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга бул мезгилде Умра сапарларын уюштурууну убактылуу токтотуп туруу сунушталды.
Жыйында мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан ыкчам чаралар тууралуу маалымат берилди. Кырдаал толук жөнгө салынганга чейин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу биринчи орунда турары белгиленди.
Мындан тышкары, Сауд Арабиясына сапар алып, кайта албай калган кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу маселеси да каралды. Учурда «Жазира», «Флайнас», «Эйр Арабия» жана башка авиакомпаниялар аркылуу токтоп калган каттамдарды кайра жандандыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Катарда круиздик лайнерде калып калган 134 кыргызстандык Дохадан Сауд Арабиясына жолго чыкканын билдирген. Алар автобустар менен Эр-Рияд шаарына жетип, андан ары учак менен Бишкекке кайтары күтүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу чет өлкөдө калган кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштерин жеке көзөмөлүнө алган.


