Бишкек,30-октябрь 2025-жыл. — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимова менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара Россиянын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү орус режиссеру Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — “Достук” ордени тапшырылды.
Адылбек Касымалиев өз куттуктоо сөзүндө бул иш-чара эки өлкө ортосундагы достук жана маданий байланыштарды бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи.
Ошондой эле ал Никита Михалковду 80 жылдык юбилейи менен куттуктап, анын дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымын жогору баалады.
“Сиздин чыгармачылыгыңыз эки элди жакындаштырып, маданият аркылуу боордоштук байланышты чыңдоого өбөлгө түзүүдө”, — деди Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы режиссерго ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана эки өлкөнүн маданий кызматташтыгына мындан аркы салымын улантууну каалады.

