12-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев III Бишкек эл аралык кинофестивалына келген белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Микеле Плачидо «Спрут» аттуу атактуу криминалдык телесериалда (1984–1989-жылдары) Комиссар Каттанинин ролун жаратып, эл аралык деңгээлде таанылган. Ал ошондой эле «Три брата» (1981), «Связь через пиццерию» (1985) жана «Незнакомка» (2007) тасмаларындагы ролдору үчүн Италиянын абройлуу «Давид ди Донателло» сыйлыгына үч жолу көрсөтүлгөн.
Жолугушууда Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык кинофестивалдарга Микеле Плачидонун катышуусу, ошондой эле Кыргызстандын Борбор Азиядагы туристтик жана маданий борбор катары эл аралык аренадагы аброюн көтөрүү маселелери талкууланды.
М.Плачидо Кыргызстанга жылуу мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, Камчыбек Ташиев сунуштаган демилгелерди толук колдоого даяр экенин айтты. Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагында жеке киностудия ачуу пландары тууралуу маалымат бөлүштү.
Бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий диалогду чыңдоого жана кино өнөрү аркылуу эл аралык байланышты бекемдөөгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.