whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАгартуу министри Кочкор-Атадагы жатак мектеп менен бала бакчага барды

Агартуу министри Кочкор-Атадагы жатак мектеп менен бала бакчага барды

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарындагы Н. Исанов атындагы жатак мектепке барып, анын инфраструктурасы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр окуу корпустарынын жана жатаканалардын абалын көрүп, республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жаткан оңдоо иштеринин текшерди. Мектеп жетекчилиги жатак мектепти толук капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча колдоо сурап, тиешелүү сунуштарын беришти.

Министр Кендирбаева бул сунуштар көңүл сыртында калбай турганын белгиледи.

Н. Исанов атындагы жатак мектеп 1962-жылы курулган жана учурда 700 орунга эсептелгени менен, анда 874 окуучу билим алууда. Алардын 192си жатаканада жашап окушат. Мектептин 4 гектар аянтында күнөскана жана чарбалык зона уюштурулган — жашылча-жемиш өстүрүлүп, уйлар багылат. Бул балдардын тамактануусуна кошумча колдоо катары каралган.

Сапардын алкагында министр “Керемет балдар” аттуу №60 бала бакчага да барды. Аталган мекеме жеке ишкер Исхак Пирматовдун демөөрчүлүгү менен курулуп, 2025-жылдын 1-июнунда пайдаланууга берилген. 200 орундуу бул бала бакча заманбап шарттарга ылайык жабдылып, электрондук кезек системасы менен иш алып барууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар