Айдоочулукка окутуунун мөөнөтү төрт айга чейин кыскарышы мүмкүн

0
12187

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүккө окутуу мөөнөтүн азыркы 10 айдан төрт айга чейин кыскартуу маселеси каралууда. Мындай тапшырманы Президент Садыр Жапаров бергенин Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы тартипке ылайык курсанттар төрт айлык окуудан кийин тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. Тесттен ийгиликтүү өткөн жарандар айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык сынакка жөнөтүлөт. Окууну ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө айдоочулук күбөлүк алгач бир жылдык мөөнөткө берилет. Эгер айдоочу бул аралыкта жол эрежелерин бузбаса, ага толук мөөнөттүү айдоочулук күбөлүк тапшырылат.

Ошондой эле мамлекеттик автомектептерге онлайн каттоо 10-февралдан тарта башталары маалымдалды. Катталуу үчүн жарандар avtomektep.srs.kg сайты аркылуу жеке маалыматтарын толтуруп, окуй турган аймакты жана айдоочулук күбөлүктүн категориясын көрсөтүшү керек. Билдирме каралгандан кийин талапкер расмий каттоого алынат.

Иш башкармалыктын маалыматына караганда, өлкө боюнча мамлекеттик автомектептердин саны күн сайын көбөйүүдө. Ар бир автомектеп бир эле учурда курсанттардын бир нече тобун окутууга мүмкүнчүлүк алат. Реформанын негизги максаты — айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана жол кыймылынын маданиятын калыптандыруу.

Жаңыланган окуу программасынын алкагында жол кыймылынын эрежелери, ошондой эле транспорт каражаттарын техникалык тейлөөнүн негиздери тереңдетилип окутулары белгиленди. Бул чаралар жол кырсыктарынын санын азайтууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз