Кытайда жаз майрамы

0
2048

Жаз майрамы — ай календары боюнча белгиленүүчү салттуу кытай Жаңы жылы (Чуньцзе) жакындаганына байланыштуу Кытай провинцияларында масштабдуу майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Майрамдын алкагында кытай элине мүнөздүү ажыдаар жана арстан бийлери көрсөтүлүп, салттуу барабандардын коштоосунда элди кубандырган театралдаштырылган оюн-зооктор тартууланды. Бул көргөзмөлөр береке, ийгилик жана жаңы жылдагы молчулукту символдоштурат.

Өзгөчө көңүл бурдурган иш-чаралардын бири — алдыдагы Ат жылына арналган фонарлар фестивалы болду. Шаарчаны кооздоп турган түркүн түстөгү жана ар кандай формадагы жүздөгөн фонарлар туристтердин кызыгуусун арттырды. Фонарларда кытай маданиятына тиешелүү символдор, салттуу оймо-чиймелер жана жаңы жылдык жакшы тилектер чагылдырылган.

Майрам күндөрү Кытайдын ар кайсы аймактарында болгон иш-чаралар көптөгөн туристтерди өзүнө чакырды. Алар салттуу кытай улуттук тамак-аштардан даам татышып, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын сатып алышты. Ушундай иш-чаралар байыркы кытай тарыхый жана маданий баалуулугун дагы да даңазалап, туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түздү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз