Нобель сыйлыгынын лауреаты Наргес Мохаммади эркинен ажыратылды

0
1777

 Ирандагы адам укуктары боюнча активист жана 2023-жылдын Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргес Мохаммади 7,5 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.

53 жаштагы Мохаммадиге 6 жыл боюу «жыйналыштарга катышуу жана кылмыш жасоо максатындагы түзүлгөн топко кошулуу»  жана 1,5 жыл «пропаганда жүргүзүү» айыбы коюлуп, соттолду.

Соттун чечими боюнча, абактан чыккан соң 2 жыл ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салынат жана дагы 2 жыл Хусф шаарында жашоо милдеттендирилди.

Наргес Мохаммади 12-декабрда 2025-жылы адам укуктары боюнча адвокат Хосров Аликорди үчүн өткөрүлгөн маркумду эскерүү иш-чарасында кармалган. 2-февралда ал ачкачылык жарыялаган. Адвокат Мостага Нилинин маалыматы боюнча, соттун алдында Наргесдин абалы начарлап, кыска мөөнөткө ооруканага жеткирилген, бирок кийин кайра камакка кайтарылган.

Мохаммади Ирандагы Адам укуктары борборунун вице-президенти болуп саналат жана акыркы 20 жыл ичинде бир нече жолу камакка алынган. Жалпысынан аны 13 жолу кармашкан. Мындан мурдагы соттор менен эсептегенде жалпы абак мөөнөтү 31 жылга жетет, анын ичинде 10 жылын ал уже өтөп чыккан.

Анын жактоочулары белгилешкендей, узак мөөнөттүү камакта жаткан Наргес бир нече жүрөк илдетинен улам операцияларды өткөргөн. 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз