Эң жакшы жана эң жаман көргөн акыным — Бектуруш Салгамани

0
4137

– Бектуруш аке, качан да болсо бир арманым бар деп каласыз. Ал эмне арман?

– Ал арманым – мен КМУнун журналистика бөлүмүндө окуганым. Бул арман кандай арман экенин, ал улуу арман алигиче көзүн чакчайтып келатканын менден башка адам көп түшүнө бербейт. Сен да билбейсиң. Ушуга алигиче өкүнүп, арман кыла берем. Бул менин жеке кара башымдагы эки улуу арманым болсо, ошонун бири.

Эгер Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунда окусам, бул даражамдан алда канча өйдөрөөк турмакмын.   Ошентип өксүгөнүм менен биздин Кыргызстандан барып, ошол Адабият институтунда окуп келгендердин чыгармаларын окуп калганымда, бир чети көңүлүм ачыла түшөт. Канчалары аерден билим алып келди, бирок Сагын Акматбекова эжеден башка бири дагы кыргыз улуттук адабиятына чымчым салым кошо алышпады. Мындан улам, дээриңде болбосо миң жыл окусаң деле натыйжа чыкпайт экен да деп калам.

Анан жаңыдан жаза баштаган кыз-жигиттердин таланттууларын байкап калсам, токтоосуз эле Москвадагы адабият институтуна барып окушту үгүттөйм. А аткарабы, жокпу, ал – өздөрүнүн иши.

– Негизи кандай китептерди окуйсуз?

– Окуйм. Окуганда да, мен драмабы, прозабы, сынбы, поэзиябы, иши кылып колума тийген китепти “чү” дегенде эле башынан шатыратып окуган жандарга кирбеймин. Анан да мага кайсыдыр бир китепти кимдир бирөөнүн макташы же таптакыр жокко чыгарган жеке пикири кажет эмес. Муну айтып жатканым – 5-6 китеп чыгардым. Кээ бирөөлөрүн бердим тааныш-билиштерге. Айрымдары өзүмдөн же китеп дүкөндөрдөн сатып алышты. Өздөрүн өтө эле көптү билем деп санашкан ошолордун көпчүлүгү бет келе калганда менин китебим тууралуу эч нерсе айтышпайт. Көрбөгөн, укпаган түрдө болушат. Анан эле дал ошол китебим тууралуу кайсыдыр бир аты чыккан, башы көрүнгөн сынчы же адабиятчы макала жазса, же бир кечелерде сүйлөп коюшса баягы унчукпаган жолдоштор:  “Ээ, сен кыйын
акын экенсиң, эй! Эшмат Ташматов мактагандан кийин окусам, чын эле күчтүү жазат турбайсыңбы! Мурда да окугам, бирок түшүнгөн эмес экемин!”– дешет. Аларга ичимден гана күлүп коём. Менимче, биз кимдиндир чыгармачылыгын башка бирөө мактаса же жерге чапса ошондон кийин гана көкөлөтпөй, өз алдыбызча
тааный билишибиз керек.

– Башка калемдештер окуса да сын айтпайт дедиңиз, а өзүңүз окуганда, сын көз караш менен карап окуйсузбу, же жөн эле барактап коесузбу?

– Билесиңби Болот, мен колума тийип калган ыр китептердин ырларынын уйкаштарын кошпой окуйм. Маселен, “Тууган жер, сагынгандан күйүп келем, мен сени ушунчалык сүйүп келем” – деген саптар болсун дейли.

Энди ушул “сүйүп келем, күйүп келем” деген уйкаштарын алып коюп көз жүгүртүп чыгалычы, эмне калды? Ошондо поэзия калдыбы? Уйкаштырса эле ошол ыр болуп калбайт да. Поэзиянын уйкаштарын алып салганда да калган жагында метафора, образ, сүрөт, ой, дагы башка белгилер турушу керек эмеспи.

Азыр эле ушу силер жакка келатып окуп калдым. Бурулкан Карагулованын

“…Кечке жайдым төшөктү күнгө, жаным,

Күн жыттанган төшөктө уктатамын” деген саптарынын уйкаштарын, акыркы муундардагы сөздөрүн алып таштап окуп көрчү?

“Кирпиктери төгүлгөн, (ай кыздар ай),

Күлсө гүлдөй көрүнгөн, (ай кыздар ай).

От ойногон капкара көзүңөргө,

Далай көңүл бөлүнгөн, (ай кыздар ай)” (Алмаш Чойбекова).

Ошондо да жанды жадыраткан, көңүлдү көкөлөткөн, эсти эңгиреткен ой, образдуулук, метафоралар турат да, чынбы? Окусаң кар каптап турган биздин шаарыбыз августтагыдай аптап жыттана түшөт.

– “Талантсыздардын жазбай койгону адабиятка кошкон салымы” деген сөз учкул сөзгө айланып кетти. Сиз буга эмне дейсиз?

– Адабиятты талантсыздар талкалабайт. Алар адабиятка таасир эте албайт. Талантсыздар келет да кетет. Адабиятты таланттуулар бүлдүрөт, изденбей, эмгектенбей коет. Бир бийиктикке жетсе же наам алып калса, өзүнө өзү алымсынып, канааттанып калат да, мыкты чыгармаларды жарата албайт. Бул алардын адабиятка жасаган чоң кылмышы, кыянаттыгы.

– Эң жакшы көргөн, сыйлаган акыныңыз ким?

– Эң жакшы көргөн акыным – Бектуруш Салгамани. Анткени ал кур наамдарга, жалган патетикаларга баш урбай, адабиятка, асыресе поэзияга чын дилинен адал, ак кызмат кылып келатат.

–  Эң жаман көргөн акыныңызчы?

– Ал дагы Бектуруш Салгамани. Себеби, жалкоо, капыстан келе калган ой-пикирлерин анан жазам деп коет да, кашайып унутуп калат.

Казакта Кадыр Мырзалиев деген чоң акын өткөн. Мени ошонун бир адаты суктандырат. Ал үстөлдүн бир бутуна чынжырдын бир учун, бир учун өзүнүн бутуна байлап, ачкычын алыс ыргытып жиберип иштеген экен. Мына ушундай иштесем дейм.

– Кандай ырларды кыйналып жазасыз?

– Жүрөгүм каалабаган ырларды жаза албайм. Айталы, Ленин, компартия, комсомолду даңазалаган бир да ыр жазбадым. Ушул темалардан жийиркендим. Айрым учурларда бирөөлөр өзүнүн, жакынынын, таанышынын туулган күнүнө, же паланча жылдык алаша тоюна (юбилей) ылайыктап ыр жазып бергенди өтүнүшөт. Мен шак эле баш тартам. Анткени, өмүрүмдө буйуртмага карата ыр жазган жан эмесмин.

Өзүмдү ушинтип ишендирип, шер ойлоп жүрсөм, өткөн 2025-жылы ЖКда мамлекетибиздин Гимнин өзгөртмөк болуп калышып, не пулуна кызыктымбы, не башка бир нерсе ишаарат жасадыбы, күчүмдү байкап көргүм келдиби, айтор, жети ыр жазып ийдим үч эле күндө. Абдан эле жеңил жаздым. Эми окусаң бардыгы бир эле багытта – өлкөбүздү даңктоо, мактоо дегендей. Мактанып
коёюн, ошол бир эле теманы жети башка түрдө, Уставда көрсөтүлгөндөй кайырмалары менен жаздым. Ырларды кабыл алып жатышкан К.Бакиров менен С. Акматбековага алып барып тапшыргам.

Азыргыча ошолорду жазганым үчүн өзүмдү-өзүм сөгөм. Көрсө, калыстыгы жок эле башка жол менен “тандалып”, “жеңүүчү болуп” чыгат экен да.

Анан дагы даталуу күндөргө, майрамдарга багыштап ыр жазалбайм. Кээде жазам. Маселен,” Нооруз ыры” деген ырым бар, бирок, мен аны күздүн күнүндө өзүмчө эле эргип, Ноорузга али алыс аралык жатканда жазгам.

Анан дагы аты чыккан инсандарга, маселен, Алыкулга, Таттыбүбү Турсунбаевага, Чыңгыз Айтматовго дегендей да, арноо, ода тибиндеги ырларды мойнума мылтык такаса да жазалбайм. Ушул сыяктуу белгилүү инсандарга арнап кимдир бирөөлөрдүн жазган ырларын карап да койгум келбейт. Маселен, Нооруз майрамы же жаңы жыл, 8-мартты даңазалаган ыр сөрөйлөрдү аяйм. Авторунун түшүнүгүнүн тайкылыгына боорум ооруйт. Неге? Себеби, бардыгы эле миң жылдан бери айтылып келаткан баягы эле ит тытып таштаган теридей маанисиз, кайталанма ойлорду чүргөй беришет. Жаңы ой, идеяны айталбасаң мурда миң ирет айтылганды супсак, кургак кайталаштын кажети не?

Дагы кошумчалай кетейин, маселен, канча калемгер Алыкулга деп ыр жазды, ошончо ырдын бири дагы үлкөн акындын кур дегенде белинен келбейт. Илгертен келаткан баягы эле “ Көлдү сүйгөнсүң, оорукчан болгонсуң, жалгыздыктан жабыркагансың” дегендейлер да. Эй Болот, буларды уга берип кулагыбыз түлөп түшпөдүбү!

– Чыгармачылык өнөрканаңыз кандай?

– Энди бир акыйкатымды сыртка чыгарсам мактангандай көрүнөрүмдү билем. Мен жеке өз оюма, башыма капыстанбы, же башка бир таасирияттын элеп-желеп кылган эпкининенби, айтор илхам, эргүүмдү козгогон идея, ойлордон, сюжеттерден көрө бөтөн бирөөлөр атайын баяндап берген, же кокустан кулагыма уруна калган окуя, сюжеттерди жакшы жазам. Анан аларды шарт эле ырга айландырбайм. Кара сөз түрүндө журналыма жазып коём да, башымда бышырып жүрө берем. Арийне, шак эле отура калып жазган учурларым болгон мурдалары. Антсем жеңилдикке, сезимге уттуруп коёт экем. Ошону түшүнүп алгам.

– Спортко кандайсыз?

– Жеке өзүмдүн спортко ынтаам анчалык жок. Лекин, бардык спортчулардын арасынан штангисттерди, алардын мелдештерин жактырам. Туш келе калса көрөм алардын таймаштарын. Айталы, бири 200 килону көтөрсө, экинчи атаандашы, бакталашы эң аз дегенде андан 5 кило артык көрүнгөнгө дилгирленет.

Аларды карап отуруп, өзүм дагы кечээ жазган ырыма караганда эртең жазчу ырым, али не тууралуу жазам, азырынча ал – кайып болсо дагы, сөзсүз жакшы болушун каалайм, тилейм, аракет жасайм.

Бизде азыр кайсы акынга кай калемгер таймашка чыгат? Айталы, Ташмат жакшы жазса – Мен андан жакшыраак жазышым керек. Ошон үчүн дүйнөлүк адабияттарды казып окуп, ичип-жеп чыгышым керек деген көк жал “штангист” калемгер барбы? Биз, поэзия жаратабыз деп ниеттенип жүргөндөр бири-бирибиз менен дал ошол штангисттердей көгөрө атаандашып, эрегишип жашап, иштешибиз керек. Атаандашуу, жарышуу менимче адабиятыбызга, көркөм өнөрүбүзгө жеңиш, жемиш гана алып келет.

Ал эми чыгармачыл бирикме дегендер эсепсиз көп го. Анан дагы ар кандай коомдук бирикме дегендер бар. Эми айланайын, наам кагаздарын, төш белгилерин шагыратып эле “берип”, акыйкаты – сатып жатышат. Мен түшүнбөйм, бул ичи тардыгым, көрө албастыгым эмес. Тек туура болбой жатканына ичим ачышат да. Мамлекет андай алдап-соолаган бирикме, коомдорду таптакыр жоюп, тартипке салыш керек да.

– Наамдарга кандай карайсыз?

– Францияда “Франциянын эл акыны”, “Франциянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наамдар эзели болбоптур. Бирок, атайын берилүүчү мамлекеттик сыйлыктар бар, ошол эле учурда ыйгарылган мамсыйлыкты эгер ошол калемгер актабаса, сыйлык алган китебинен кийинки жылдарда ашкан мыкты китеп жаза албаса, анда буйруктун негизинде баягы берилген сыйлыкты жылдар өтө алып коюшат экен. А калемгерлер ошол мамсыйлыгын алдырып ийбеш, аптарыйкаттарын сактап калыш үчүн тытынып иштешет экен да.

Ал эми Америкада да “…Элдик” деген наамдары бар акын-жазуучулар жок. Бирок, атайын халтурщиктерге ыйгарылчу сыйлык бар экен. Ал сыйлыкты ыйгаруу аземинде “Халтурщиктин начар чыгармаларды жазып, адабиятты, көркөм өнөрдү булгаганы – өтө уят. Сиз мындан ары жазбай эле коюңуз. Ушул берилген сыйлыктын акчасына (канча акча берилерин унутуп калыпмын) өзүңүзгө жаккан бизнести ачыңыз да, ошону менен шугурлана бериңиз” – дейт экен.

– Учурдагы биздин поэзиянын канатынын кеңири жайылбай жатышынын себептерин эмнелерден көрөсүз?

– Изденүүнүн жоктугунан. Анан дагы “…элдик” наамдардан. Жеке пикиримде “элдик” деген наамды алышкандар өздөрүн адабияттын Рейхстагына байрак сайган өңдүү сезишет шекилдүү.

– Сизди алды жакта эмнелер коркутат?

– Эми коркутчу нерселер ар бир туулган пенденин жанында кошо жүрөт да. Мен үчүн эң коркунучтуу нерсе – жазган ырларым, басылып чыккан китептерим элге жакпаса, окушпаса, өрттөшүп салышса, айрым “Эл акындарындай” артымдан сөгүшсө  ошол болот деп ойлойм. Муну көп жылдардан бери ойлоп корко берем. Ошон үчүн жакшы жазышка аракет жасайм.

– Маегибизди армандан баштадыңыз эле. “Алтын арман” деген арзуу ырлардан куралган поэмаңыз ырасында эле миңден ашык ырдан турабы?

– Ал китеп 2009-жылы чыккан. Арадагы 16 жылда жазылгандарын кошсом миңден да ашып кетет экен. Кыскартып жатам. Мен Кудайга ишенген пенделердин алдыңкы сабында турам. Жараткан өмүр берсе чыгарам. Негизи эле арзуу ырларынан куралган бул чыгармамды өмүр бою жазарымды билем. Көз ачып тааныган тун сүйүүмдү – бир гана адамды даңазалап, миңден ашык ыр жазыштын ырахатын да, азаптуулугун да түшүнөм.

Ырахаты – ал тууралуу ыр жазып жатканымда аяктарым, денем кара жерде эмес, абада тургансыйт.

Азаптуулугу – бир эле адамга бир эле багыттагы, бир эле сезимдеги ырларды жазганда өзүңдү-өзүң кайталап алган, аны байкабай калган учурларыңды издеп, кайра-кайра сыдыргыга сала бериште.

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз