Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагындагы акыркы реформалардын натыйжаларын жарыялады.
Адылбек Касымалиев 3–5-февралда Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарында көрсөтүлгөн реформалар эмират жана эл аралык коомчулук тарабынан оң кабыл алынганын белгиледи.
Программанын акыркы реформаларынын бири – Кытай менен эл аралык автомобиль ташуулары боюнча уруксат берүү процессин электрондук форматка өткөрүү болду. Мурда 24 саатка чейин созулган бюрократиялык процесс эми 10 мүнөткө чейин кыскартылды. Электрондук уруксат берүү үчүн e-Permit системасы иштелип чыккан, онлайн арыздарды кабыл алуу жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү киргизилген.
Экинчи реформа – Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен чек арадагы транспорттук көзөмөлдү жөнөкөйлөтүү. Жаңыланган маалымат алмашуу платформасы жана электрондук уруксаттар аркылуу чек арадан өтүү убактысы кыйла кыскарды, жана бюрократиялык тоскоолдуктар азайды.
Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле маанилүү эл аралык иш-чараларга даярдык, инфраструктуралык долбоорлор жана учурдагы милдеттер талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Бул реформалар Кыргызстандын транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртып, бизнес жана эл аралык кызматташтык үчүн жаңы шарттарды түзүүдө.

