Түрмө беш жылдыздуу мейманканага айланды

0
1537

Япониядагы Нара шаарында мурдагы колониялык түрмөкана люкс-отелге айланууда. Бул долбоор Hoshino Resorts бренди тарабынан ишке ашырылат жана июнь айында ачылышы күтүлүүдө.

Түрмө 1908-жылы курулуп, 2017-жылга чейин иштеген. Эми объект улуттук маанидеги маданий мурастар тизмесине киргизилген. Жаңы отелде кызыл кирпичтеги фасад жана ички темир конструкциялар сакталды, бирок мейкиндик кеңейип, туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Отелде 48 люкс-номер, алардын ар бири 9–11 мурдагы жеке камерадан түзүлөт. Мурдагы имараттын чатыры болсо, жапон-француз ресторанына айландырылат. Мындан тышкары, Нара түрмө музейи апрелде ачылат жана тарыхый экспонаттарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мейманканага жакынкы аймактардан эркин жүргөн мүйүздүү аркарларды көрүп жана Тодайдзи храмы сыяктуу ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастары бар жерлерге экскурсия кылууга болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз