Португалияда социалист Антониу Жозе Сегуру президент болуп шайланды

0
1469

 Левоцентристтик Социалисттик партиядан чыккан Антониу Жозе Сегуру Португалияда президенттик шайлоодо жеңишке жетти. Экинчи турда ал 66,8% добуш менен ультраоңчул партия өкүлү Андре Вентураны (33,2%) артта калтырды.

Андре Вентура өз жеңилишин моюнга алып, Сегуруга “мыкты кызмат мөөнөтүн” каалады. Ал ошондой эле келечекте Португалияны өз партиясынын өкүлдөрү башкарарын белгиледи.

Сегуру социалисттик партиядан 20 жылдан бери биринчи чыккан президент болуп саналат. Ал өз жеңиш сөзүндө мамлекет башчысы катары өкмөт менен кызматташууну уланта турганын айтты:

“Мен өкмөт менен кызматташууга жана жоопкерчиликке берилгендикке убада бердим. Мен эч качан бийликке каршы чыкпайм, бирок чечимдердин натыйжасына көз салам”, — деди Сегуру.

Биринчү тур 18-январда өткөн. Ал кезде эч ким 50% ашык добуш ала алган жок. Сегуру 31,1%, Вентура 23,5% добуш алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз