Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү тамекинин зыяндуулугу тууралуу маалымат берип, аны азайтуу үчүн жаңы чараларды сунушташты. Алардын билдирүүсүнө ылайык, тамекиге салына турчу акциз салыгын жыл сайын 25%га жогорулатуу зарыл.
Адистердин эсебинде, эгер сунуш кабыл алынса, үч жыл ичинде тамеки сатуунун көлөмү 17%га, ал эми чылым чегүү 28%га кыскармакчы. Мындан тышкары, мындай кадам 40 миңге жакын адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берери белгиленди.
Комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов: «Тамекинин акциз салыгы 32%, бул ДССУ сунуштагандан эки эсе төмөн. Мындан улам салык саясатын өзгөртүү талап кылынат. Бирок бааны кескин көтөрүүнүн тобокелчилиги бар. ЕАЭБдин аймагында эркин ташылуучу товар болгондуктан, тамеки аткезчилиги күч алып кетиши ыктымал», — деди.