whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун 25%га көбөйтүү пландалууда

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун 25%га көбөйтүү пландалууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмүн 1-августтан тарта 25%га көбөйтүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Аталган жөлөк пул 16 жашка чейинки балдары бар жана айлык кирешеси кепилденген минималдык кирешеден төмөн үй-бүлөлөргө берилет. Учурда анын өлчөмү 1200 сомду түзөт (айрым аймактарда жергиликтүү коэффициенттерге жараша жогору болушу мүмкүн).

Жаңы сунушка ылайык, 1-августтан тарта жөлөк пулдун өлчөмү 1500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 2000 сомго чейин, башкача айтканда, 100 пайызга көбөйтүлөт.

Эмгек министрлиги билдиргендей, жөлөк пулдун өлчөмү акыркы жолу 2022-жылы 810 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 2019-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес.

2025-жылдын 1-июнуна карата «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу 55 миң 13 үй-бүлөдөгү 196 миң 151 балага берилип жатат. Жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин дагы 18 миң 600дөн ашык бала кошулары күтүлүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар