Башкы беткеМинистрлер кабинетиЗаманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү каралууда

Заманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү каралууда

Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин башчысы, жаш рэп аткаруучулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Begish, Bakr, Bayastan, Freeman 996 жана башка рэп багытында чыгармачылык менен алектенген жаш аткаруучулар катышты.

Баарлашуунун жүрүшүндө заманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана чыгармачыл чөйрөдөгү кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле жаш аткаруучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, рэп маданиятын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ой бөлүштү.

Министр Мирбек Мамбеталиев жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоо маданий саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, таланттуу жаштарды ар тараптан колдоо боюнча иштер улантыларын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да чыгармачыл кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар