Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапары соңуна чыкты.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясына катышып, дүйнөлүк лидерлер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Садыр Жапаровдун сөздөрүндө Кыргызстанга каршы санкцияларды алып салуу, Афганстандын тоңдурулган активдерин кайтаруу, Палестинадагы согушту токтотуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү маселелери көтөрүлдү.

Президент ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстанды 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү кылып шайлоого талапкерлигин жарыялады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн лидерлери менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, жаңы дипломатиялык мамилелерге жол ачты.

Президент 25-сентябрда Бишкекке кайтып келди.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар