(башы өткөн санда)
Токсонго жакындап калган дагы бир белгилүү жазуучубуз С.Жетимишев Совет кезинде жакшы аңгеме, баяндарды жазган. Кайра куруу убагында интеллигенциянын абалын чагылтып, анын бир шылуун эргулунун татаал, карама-каршылыктуу элесин жараткан “Эл арасында” романына оң-терс жактарын көрсөтүп пикир жазган элем. Эки китептен турган роман ал учурда чыкпай, шумпайлык, шылуундук гүлдөгөн эгемендик мезгилде 2007-жылы жарык көрдү, өз окурмандарын тапты. Ага канааттанган калемдеш агабыз акыркы жылдары лирикага өтүп жүрөт.
Бул жаатта жаш чактарынан жемиштүү иштеп, 80 жаш курактан өтүп, жакында оо дүйнө салган эки мыкты акын бар эле. Алардын бири Нурпаис Жаркынбай тубаса пуб-лицист, гражданчыл, ошол эле мезгилде махабатты даңктаган акын болчу. Анын акыркы “Торгой тумшук калемим” деген тандалма ыр китеби (2024) ушунун айкын далили. Экинчи акын – чыныгы интеллектуал, салттуу ырдын да, эркин ырдын да устасы Сүйөркул Тургунбаевдин “Күн Теңирдин күмүш нур” жыйнагынын (2017) аты-заты, бүт турум-турпаты ага чейинки “Салам, жаш өмүр”, “Кечки троллейбус”, “Касиет”, “Жарыктын нуру”, “Күндүн көзү” ыр китептери да ушундай. Ал адабият илимине, сынга да аралашып, 1970-жылдары “Кыргызстан маданияты” газетасынын алдында уюшулган сын ийримин жетектеп, бизге баш-көз, кеңешчи болгон.
Аталган эки акындан бир аз жашыраак, бирок өмүрлүк жары, муңдашы, сырдашы, талантуу акын Шербет Келдибекованын артынан ээрчип эрте кеткен Алым Токтомушевди эскербей коё албайм. Өмүрү драмалуу өткөн бул адам каерде иштебесин, кай жерде жүрбөсүн (убагында “Кыргызстан маданиятында” чогуу эмгектенген элек) адамдын гүлү, назик жүрөктүү, тамашакөй, чынчыл, мээнеткеч болчу. Ал макалаларды да (айрыкча “Асабада” жүргөнүндө), ырды да катыра жазчу, мыкты редакциялачу, котормолорду (мейли макала, мейли ыр) ийине жеткире жасачу. Анын көзү тирүүсүндө жарыяланбаган эски дептерлерин таап, “Ачылбаган дүйнө” ыр жыйнагын (2015) түзгөн Олжобай Шакирге, каржылаган ыраматылык Ч.Турсунбековго ыракмат дегенден башка айтарым жок.
Арабызда аралашып жүргөн акын-жазуучулардын эң аксакалы, улуусу 93 жаштагы Калканбай Ашымбаев болуп калды окшойт. Совет мезгилинде ал жакшы кабарчы, фельетончу, “Чалкан” журналынын редактору катары белгилүү болчу. Кайра куруу башталганда экөөбүз “Кыргызстан маданияты” жумалыгында чогуу иштеген жайы-
быз бар. Калканбай агай мен билгенден өтө кичипейил, маданияттуу, сөзгө чечен адам. Эгемендик жылдары ал ушул баалуу сапаттарын жалпы элге, айрыкча студенттерге ачык көсөтүп, атайын дарс окуп, акыл-насыят айткан, бата тилеген китептерин чыгарып жүрөт. “Азат көчү” аталган тарыхый романын (2012) жакшы каалоо-тилектерин жазып белек эткен. Өзүм да аны урматтагандыктан 673 бет китебин окуп чыккам.
Романдын максаты Ысык-Көл кылаасындагы, Каракол тегерегиндеги 1870-жылдан 1926-жылга (Кыдыр аке көз жумган) чейинки окуялардын панорамасын тартуу болгон. Ошого ылайык чыгармада бир катар кызыктуу адамдар (Кыдыр аке, Карабай жетим, Андаш молдо, уездной Иванов, офицер Овчинников, Корольков ж.б.), окуя-
лар, жаратылыш көрүнүштөрү (пейзаж) бар. Бирок толук кандуу, жандуу роман деп айтыш кыйын: санжыра, макалдар, кирди-чыкты адамдар, окуялар, саясий насыяттар жана мүнөздөмөлөр, кургак санак-тизмектер, жорго сөздөр, автордук комментарийлер көп. Түпкүлүгүндө ар бир жанрдын өзгөчөлүктөрү, мүмкүнчүлүктөрү, чектөөлөрү болот эмеспи. Ошолорду эске тутуу, сактоо, ишке ашыруу зарыл. Ар бир автор муну жетекчиликке алганы оң.
Поэзияда бул талаптар так сакталып келатканы кубандырат. Айталы, 85 жаштын тегерегинде жүрүшкөн Т.Мамеевдин “Тоолор менен сүйлөшүү” (2005), “Ай тийген тоонун ырлары” (2018), бүт өмүрүн адабият тарыхын изилдөөгө жумшаган О.Соороновдун “80 жаш” (2020), (2016) деген ыр китептери салт менен жаңычылдыкты ыктуу айкалыштырат: эгер Т.Мамеев менен О.Сооронов адаттагыдай балалыкты, жаштыкты, туулган жерди, тоо-лорду, жаратылышты, махабатты, жакшы адамдарды эстеп, даңкташса, Т.Самудинов Р.Шүкүрбеков менен М.Алыбаевдин чыйы-рын жаңылап, бийик деңгээлге чыгарып эпиграммалардын жана пародиялардын устасына айланды. Анын экинчи бир эрдиги – Совет мезгилинде жетектеп, эгемендиктин оор жылдарында да бөбөктөрдүн сүймөнчүгүнө айланган “Байчечекей” журналын сактап, чыгарып келгени. Бул мекенчилдиктин, улутмандыктын накта далили, интеллектуалдык көрөңгө, дареметтин күчтүүлүгү. Мунун себеби – булардын мууну үчүн экинчи дүйнөлүк согуш эстен кеткис элес, унутулгус сабак болгонунда:
Аталары тээ алыстан кайтпаган,
Ата деген сөздү бир да айтпаган.
Өкүлүбүз өксүк өскөн муундун,
Бак-таалайын согуш жалмап таштаган.
(Т.Мамеев)
Ошол оңбогон согуш убагында төрөлгөн дагы бир көрүнүктүү инсан – Меңди Мамазаирова адабияттын ар кыл түрүндө – поэзияда, кара сөздө, драматургияда үзүрлүү иштеди. Анын акыркы мезгилде жарык көргөн эки китеби, тилекке каршы, эки анжы сезим, кош маанай жаратат. Мен эжени жаш чагымдан жакшы билсем да, Жолон ага экөөнүн ыйык сүйүүсүн, бактылуу жашоосун, чындап сыйлап-урматтасам да “Аймаран” (2018) романы биринчилерден болуп азыркы турмуштун оош-кыйыштарын, мигранттардын тагдырын, азап-тозогун баяндаса да кургак маалыматтарга, үстүрт, атүгүл натуралисттик супсак сүрөттөөлөргө жол бергенине ичим чыкпады. Эгер эле ынак мамилелерди көрсөткүсү келсе Л.Толстойдун “Анна Каренинасын”, Г.Флобердин “Бовари айымын” үлгү тутса жакшы болмок. Ал эми “Кайсар кыз” деген жаңы баяны (2023) аталышы, каарманы, ички мазмун-маңызы, курулушу, тили, стили боюнча кызыктуу, жакшы чыгарма. Анда кыял менен чындык, өткөндү эстөө (ретроспектива) менен азыркы, бүгүнкү окуялар жарыш, айкаш сүрөттөлөт. Сүйлөмдөрү, маектери (диалог) кыска, орундуу, ишенимдүү.
Азыркы адабиятыбызда өмүрү, ишмерлиги, чыгармачылыгы өзгөчөлөнгөн кызык көрүнүш бар. Ал – Надырбек Алымбеков. Согуштун кээрин тарткан, андан кийинки оорчулуктарды башынан өткөргөн бул адам бала чактан чарбачылыкка тез аралашып (мал багып), андан ары өжөрлүк кылып Ташкенге барып, текстиль институтун аяктап келип, Оштогу эң чоң, 15 миңдей жумушчу иштеген текстиль комбинатын 12 жыл башкарып, андан соң Кара-Балтадагы килем комбинатын куруудан тартып өндүрүшкө киргизгенден кийин да көп жыл жетектеп, Кыргызстанга гана эмес, Союзга таанылган мыкты өндүрушчү, уюштургуч, башкаруучу (менеджер), бир нече мамлекеттик наам, сыйлыктарды алган соң 47 жашка толгондо алгачкы ыр китебин чыгарып, акын-жазуучулар материалдык да, руханий да оор кырдаалда, өз ара бөлүнүп, ыйкы-тыйкы болуп турганда 1996-2004-жылдары аларды бир уюмга кайра бириктирип, жетекчилик кылган, бул асыл ишке өзүнүн да, жакын санаалаш ишкер досторунун да каражатын жумшаган. Бул тууралуу анын акыркы “Байлыгым” аттуу китебине (2025) жазылган баш сөзүндө белгилүү акын М.Ааматов жакшы айтыптыр. Кеч ойгонгон акын илхамын ого бетер тутантып, жыл сайын бир-экиден, бара-бара 3, 5, 10, 14, 20 томдуктарын жарыялады, ыр менен кошо кара сөзгө, эскерме жазганга өттү, айрыкча белгилеп кетчү нерсе – Мекке, Мединага бир нече ирет зыярат жасап, ажы атын алып ыйык Куранды кыргыз тилине ыр түрүндө которуп чыгарды, китептеринин дээрлик бардыгынын сырткы көрүнүшү, жасалгаланышы, басылган кагазынын сапаты жакшы. Ачык айтканда, кыргыздын эч бир акын, жазуучусу, атүгүл олчойгон романдардын ээси Т.Сыдыкбеков 15 томдук, ар кайсы жанрларда жазган Ч.Айтматов 12 томдук менен чектелип, мынчалык көлөмдө жана жасалгада китеп чыгарган эмес. Бул анын каражаты, мүмкүнчүлүгү бардыгынан болсо керек.
Ал эми ырларынын, китептеринин идеялык-көркөмдүк деңгээли кандай? Аларга Ч.Айтматов, С.Михалков, Д.Кугультинов, С.Эралиев баш болуп мактоо сөздөрүн жазып беришиптир. Мунун себеби жөнөкөй – улуу адамдар Н.Алымбековдун кыйын кезеңде жазуучулар Союзун жетектеп бергенин, уюштуруучулук, башкаруучулук талантын жогору баалап, сый-урмат көрсөтүшкөн. Мен муну туура түшүнөм, колдойм, өзүм деле ошондой ойдомун. Бирок чыныгы чыгармачылыктын табияты, жөнү башка: ал нукура талантты, дүйнөнү эстетикалык көз караштан кароону, сан эмес сапатты талап кылат. Ушул жагынан баалаганда Н.Алымбековдун жарыялагандары ар кыл: жакшылары да, ортолору да бар, карандай кургак баяндуу, акыл-насыяттуулары арбын. Жакшылары көп обонго салынып, эл арасында ырдалып жүрөт, кай бирлери кечелерде окулат, калгандары дарексиз, дайынсыз. Мен, маселен, анын көп томдуктарын көргөн да, окуган да эмесмин, антүүгө каалоо да, убакыт да болбогон. Бирок анын 80 жылдыгына арналып жарык көргөн “Миң санат”, “Байлыгым” аттуу тандалма эки китебин калтырбай окупчыктым,жалпысынан ыраазы болуп, акынга ден соолук кааладым.
Н.Алымбековдун татаал шарттарда жазуучулар Союзун ийгиликтүү, натыйжалуу жетектегенинен улам башымдан өткөн бир окуяны кошумчалап койгонум тарых үчүн зарыл деп ойлойм. Ошол учурда бир үйдө коңшу жашаган улуу акыныбыз С.Эралиев мага “Жазуучулар союзун башкарып бер” деген сунуш айткан эле. Анда мен Ош областынын акимдигинен А.Акаев менен кош палаталуу парламент түзүү боюнча пикир келишпегендигим үчүн кетип, белим ооруп кыйналып, дарыланып жүргөн элем. Ушул жүйөөнү айтып, ага кошумча каржы маселелерин чечүүгө, көтөрүүгө башынан көңүлүм тартпаганын, андай шык-жөндөмүм, мүмкүнчүлүгүм жоктугун билдирип сылык баш тарткам. Дайыма карманган принцибим, тандаган жолум – колуңдан келген ишти кылуу.
Аксакал акын-жазуучулар жайындагы сөздү жакшы жана өкүнүч маанайда аяктагым бар. Жакшылыгы – быйыл 80 жашка толуп турган мыкты акын А.Өмүркановдун эки томдук “Тандалмалары” (2015), өкүнүчү – Совет убагында кыргыз жана орус тилдеринде көңүл бөлөрлүк аңгемелерди, баяндарды, романдарды жарыялап жүргөн, далай жылдардан бери Москвада жашаган Муса Мураталиевдин эгемендүүлүк жылдарында дээрлик бардыгы орус тилинде жазылган “Ковид-дыра” (2021), “Неофобия” (2021) деген повесттери, баарынан да “Идол и Мария” (2011), “Тоска по огню” (2012) , “Нашествие мигрантов” (2014), “Гастарбайтер (роман в трёх действиях)” (2017), “Поэт и Писарь” (2017), “Швоткать” (2020), “Последний подвиг Манаса” (2025) сыяктуу романдары эне тилибизге которулбай, кыргыз тилинде жарык көрбөй, окурмандарга жетпей келатканы.
А.Өмүркановдун “Тандалмаларына” кайрылсам, алар тематикага бай, мазмуну терең, тили ширин жана курч. Университетти бүткөн соң алыскы Мургабка барып мугалим болгон (Э.Турсунов, М.Гапаров, Ө.Тиллебаев сыңары) акын алгачкы жыйнагын (“Мөлтүр сезим”, 1973) чыгаргандан тарта элге таанылып, эл менен кошо сүйүнүп да, күйүнүп да келатат. Ал кылдат, назик лирик, ошол эле учурда кайраттуу мекенчил, улутман.
Ушул сапаттарын айрыкча А.Акаев менен К.Бакиевдин заманында эл тарапта болуп, анын муңун, зарын тикесинен тиктуруп ырга салган, коомдук-саясий иштерге белсемдүү катышкан. Анын поэзиясын досу, көрүнүктүү сынчы К.Даутов кашкайта ачып, даана көрсөткөн. Эми ал сынчыбыз да арабызда жок.
Биздин муун
(Жетимишке жетеленгендер)
Адатта муунду, кыргызча айтканда, мүчөлдү 10-12 жыл түзөт деп айтышат. Катарына мен да кирген бул муун 1950-жылдары жарык дүйнөгө жаралгандардан куралган. Ал убакта согуштун кээри кетип, СССРде турмуш бир аз оңолуп, мен төрөлгөн 1953-жылы түбөлүк жол башчы Сталин оо дүйнө салган соң Хрущёв 1930-жылдары атылгандарды актап, саясий сүргүндө жүргөндөрдү азат кылып, алгачкы ракеталар, спутниктер космоско жол тарткан. Ал тургай Америкадан ашабыз, коммунизм курабыз деген делбе дөгүрсүү, куру кыял 1950-жылдардын аягында башталган.
Адабиятыбыз да өйдөлөө, бийиктикке чыгуу жолуна түшүп, 1950-жылы жаш кеткен А.Осмоновдун доору ачылган, ага удаа М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков, С.Эралиев, С.Жусуев, Б.Сарногоевдин аты чыгып, кара сөздө Т.Сыдыкбековдун “Тоо балдары”, “Тоо арасында” романдары макталып, эл аралык деңгээлге жеткен, Ч.Айтматов болсо алгачкы аңгеме, баяндары аркылуу эле дүйнөгө таанылган.
Дал ушундай ыңгайлуу материалдык жана руханий жагдайлар бизге оң таасир эткен, шык-жөндөмүбүздү ойготкон, билимибизди арттырган, 1970-жылдары адабиятка аралашууга түрткөн. Албетте, биздин муундун да өз аксакалдары, улуу-кичүүлөрү бар. Алардын айрымдарынын чыгармачылыгы тууралуу мен ошол жылдары студент жана аспирант курагымда “Акын кыздын ырларын окуп” (С.Акматбекова), “Жаштар үнү кандай?” (поэзия), “Биринчи кадамдын жооптуулугу” (проза), “Жаш сынчылардын калыптанышы: чыныгы жана кайчылаш жолдор” аттуу чакан жана чоң макалалар жарыялагам. Мага айрыкча жакканы С.Акматбекованын “Жамгыр”, “Алыскы талаалар” деген кичине ыр китептери жана анын артынан поэзияга келген кыз-келиндердин жоон тобу болчу. Алар Р.Мукашева, Р.Карагулова, К.Сариева, А.Дегенбаева, Ч.Унурова, Ш.Келдибекова, А.Чойбекова, А.Бегимкулова, Т.Закирова, А.Узакова, Ү.Маматова ж.б. эле. Өздө-
рүнө чейинки Н.Жетикашкаева, Т.Адышева, Ж.Тынымсейитовадан тартып М.Абыл-
касымова, С.Абдыкадырова, М.Булар-киевага чейинки белгилүү акын эжелеринен айырмаланган бул жаңы муун саясий-граждандык темалардан качып арзуу, сыр төгүү, ички сезимдерге берилүүгө көп көңүл бөлүшкөн, белгилүү өлчөмдө М.Цветаева, А.Акматова, Р.Казакова, Б.Ахмедуллина сыяктуу атактуу орус айым акындардан таа-сир алышкан. Бул жагдайларды сынчы досум О.Ибраимов да белгилеп, ошол учурда атайын макала жазган, кийин китептерине кошкон. Анын жолун улантып, окуучусу, шакирти жана өзү да акын А.Эгембердиева докторлук диссертация коргогон. Өкүнүчтүүсү – аталган акын айымдарыбыздын көбү азыр арабызда жок. Айрыкча А.Чойбекованын тагдыры аянычтуу аяктаганы эстен кетпейт. Ал эми өзгөчө стилге чыйыр салган С.Акматбекованын жаңы китептери көптөн бери чыга элек. Өткөн жылы жолугуп калып себебин сурасам каражаттын жоктугун айтты. Өзүмчө аяп, санаага баттым.
Ага караганда Тазагүл Закирова (1948) аракетчил, дымактуу экен. Ал адабияттын ар кайсы жанрларында (поэзия, кара сөз, драматургия), журналистикада жана даректүү фильм жаратууда, коомдук-саясий иштерде белсемдүүлүгүн көрсөтүүдө. Анын акыркы эки жыйнагынын (“Жүрөк – күзгү”, 2016; “Акынга Мекен керек”, 2022) аталыштары так, гражданчыл жана образдуу. Эгер акын бир кезде “Боз торгойдун ырын” (1993) жазып жаш болсо, азыр башка куракта экенин ачык моюндайт:
Сен алыстап, мен алыстап калыпмын,
Кымбат кезден, гүл жайнаган өрөөндөн.
Ал тарапта ырдайт азыр башкалар,
Гүл, бак-дарак башкача эми көгөргөн.
(“Жүрөк – күзгү” жыйнагынан)
С.Акматбекова менен жашташ (1949) Асан Жакшылыковдун чыгармачылык тагдыры байсалдуу да, өнүмдүү да болду. Ал өзүн ар тараптан (лирика, эпика, аңгеме, роман, драматургия, публицистика, илим, котормо, коомдук иштер) көрсөттү. Студент кезинде анын алгачкы “Таңдын ырахаты” ырлар жыйнакчасын окугам. 1974-жылы ал Р.Мукашева, Ж.Абдылдаев, О.Айтымбетов, Б.Сарыгулов болуп жаш жазуучулардын
Москвада өткөн Бүткүл союздук IV кеңешмесине катышканбыз. Ошондо мен СССР боюнча кеңешмеге катышкан жалгыз студент-сынчы экемин. Андан соң жарык көргөн “Улуу шашке”, “Белес”, “Макмал төр” китептерин окугам. Эгемендик мезгилде чыккан 5 томдугун (1999) көрүп бир эсе таң калсам, экинчи чети белсемдүүлүгүнө, аракетчилдигине ыраазы болгом.
Мен үчүн күтүүсүз, жагымдуу болгону – “Эстутум. Кыргыз көчмөн цивилизациясы. Манас дүйнө тааным” (2005), “Кыргыз жолу. Айкөлдүк, салттуулук, сулуулук” (2006), “Кыргызчылык” (2009) аттуу үчилтик болду. Аларда калкыбыздын тарыхы, баскан жолу, жашоо ыңгайы, маданияты, этика, эстетикасы тууралуу философиялык-публицистикалык ойлор камтылган. Мындай иш “Залкарлар, замандаштар” (218) китебинде да улантылып, аталышына жараша өмүр баяндык, бейнелик мүнөздө ишке ашырылган.
А.Жакшылыков нукура акындык өнөрүн да таштаган жок, кайра аны кеңейтти, көп сайлуулукка, жанрдык ар түрдүүлүккө, тереңдикке умтулду. Бул анын “Ыр чабыт” (2008), “Алтын доорго арзуу” (2014), “Ыр куржун” (2024) аталган чоң, көлөмдүү китептеринен ачык көрүнүп турат. “Элет аңгемелери” (2024) да жалпысынан жаман эмес: турмуш окуялары, адам мүнөздөрү, психологиясы, тил өзгөчөлүктөрү ынанымдуу тартылган. Кемчил жагы – автордук баян басымдуулук кылып, каармандардын ички толгонуулары (монолог), өз ара баарлашуусу (диалог) жокко эсе.
А.Жакшылыков экөөбүз менен Москвага чогуу барган О.Айтымбетов кийин “Жоогазын жазы” аттуу эротикалык баяны жана айрым очерктери үчүн жемеге алынып, чүнчүп жүрдү. Эгемендик келгенде “Кара кыргыз” деген 5 томдук тарыхый мүнөздөгү китеп чыгарып, дүйнөдөн эрте өттү. Беркилери (Р.Мукашева, Ж.Абдылдаев, Б.Сарыгулов) дайынсыз болуп кетишти.
Эгер А.Жакшылыков адабиятка адегенде техникалык, анан айыл чарбасы боюнча билим алып (Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, Ө.Даникеев, Ж.Мамытов сыңары) келип, кийинчерээк Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунан билимин өркүндөтүп келсе (С.Акматбекова да ошол жерден адабиятка болгон билимин каныктырган), биздин муундун улуу-кичүү көпчүлүгү, менин курбалдаштарым, досторум өзүбүздүн Улуттук университетибиздин кыргыз тили жана адабияты же журналистика адистиктерин аякташкан. Айталы, бизден эки-үч жыл өйдө курста окуган аксакалдарыбыз К.Кушубеков “Улуу тоого чыккан барбы” (2009, А.Сатаров “Көз жаштагы күн” (2012), Ч.Унурова (Үңүрова) “Мекеним – жалгыз медерим” (2011) деген окула турган топтомо китептерин чыгарышты. Ал эми Ч.Өмүралиев тарыхый-философиялык жана филологиялык кызыктуу, жаңычыл эмгектер тизмегин тартуулады.
Мени менен жашташ (1953), курсташ, атүгүл тайпалаш А.Рыскулов акын катары эрте, студент кезинде жакшы таанылган. Ал экөөбүздү Т.Самудинов 1971-жылы “Ленинчил жаш” газетасынын айтегерек маегине чакырып, сүйлөгөн сөздөрүбүздү “Кайдасың он сегиз жаш” деген ат менен бир бет кылып жарыялаган эле. Мен анын жана орус тили жана адабияты адистигинде окуган курсташым, досум Э.Кылычевдин алгачкы ыр жыйнактарын кош колдоп макала жарыялагам, экөөнүн кийинки чыгармачылыгына такай көз салып тургам. А.Рыскулов, О.Ибраимов, К.Ибраимов досторум эгемендик мезгилинде мамлекеттик кызматтарда да ийгиликтүү эмгектеништи, бирок адабиятты таштап коюшкан жок, кайра аздектеп жазып жүрүштү. А.Рыскулов болсо көп жылдык мээнетин жумшап “Атакенин Акболот” аттуу тарыхый үчилтик романын (2012), “Үмүт – күдүк” деген ыр жыйнагын (2017) чыгарды. Андан бери жаңы китеби жарыялана элек. Себеби баягы эле экен – каражаттын жоктугу. Антпесе үч-төрт кол жазма жыйнагы даяр туруптур.
Э.Кылычев болсо узак жыл дайынсыз жүрүп акыркы жылдары жакшы жасалгаланган эки топтомо жыйнагын чыгарды: “Күзгү токой” аттуусу (2022) качанкы ырларынан жана мыкты котормолорунан түзүлүптүр, “Адабий ат – адабият” деген оригиналдуу ат коюлган жыйнагы (2024) адабиятка арнаган макалаларынын, эсселеринин, маектеринин, өзү жөнүндөгү библиографиялык көрсөткүчтөрдөн куралыптыр. Менин билгеним, баалаганым – Эсентур Кылычев абдан окумал, экөөбүз такай китеп дүкөндөрүнөн көрүшчүбүз. Бул жагынан ал К.Жусуповдон үлгү алганын, таасирленгенин айтып жүрөт.
Башка бир курсташым, жашташым Аманбек Медетов ырларын мектепте жазса да, студенттик жылдары тың окуса да акындыгын таасын байкаткан эмес. 15 жылдай борбордо журналистикада жүрүп, эгемен мезгилде Таласта айылында жашап,башынан оор күндөрдү, кыйын жылдарды өткөрсө да өзүн жоготпой, кайра туруп, чыйралып “Тууган жер турпагы” деген чакан, бирок мазмуну жана стили жактан жатык, окумдуу китеп (2021) чыгарыптыр, ага бирге окуган, республикага жакшы таанымал теңтушубуз С.Кайыпов менен Э.Үмөтов негиздүү баш сөз жазышыптыр. Мага айрыкча С.Кайыповдун учкул сөздүү (ал башынан ушундай) “Тез жетилген муундун кеч камынган акыны” аталган чынчыл баш сөзү жакты.
Тилекке каршы, жаштары улуураак, бирок биз менен бирге окуган дагы эки жакын досум аркы дүйнөгө эрте кетти. Биринчиси – Эсенбай Калдаров. Ал ар тараптан шыктуу (журналист, театр сынчысы, ыр, кара сөз жазган), куудул жана тамашакөй, тапкан акчасын өзүнө, үй-бүлөсүнө эмес, өзгөлөргө жардамга жумшаган асыл адам эле. Мен анын атактуу Кузнечная крепость деген көчөдөгү жепирейген жертөлөсүндө студент кезимде эки жыл чогуу жашагам. Экинчиси – Өзбекстандын Жизак дубанындагы кыргыздар жашаган Заамин туманынан (районунан) келип окуган, адегенде өзбек жазуучуларынын (С.Ахмад ж.б.) чыгармаларын кыргызчалатып, акыр жагында терең мазмундуу, ширин сөздүү үч ыр китеп чыгарган Шерназар Шүкүров (Асан Жакшылыковдун күйөө баласы) болчу.
Макаланын баш жагында эскерген Тынчтыкбек Нурманбетов экөөбүз да жашташпыз, тагдырыбыз да окшошураак. Ал бизден бир курс кийин окуган, студент кезден жакшы мамиледебиз. Кемчилигим – китептери мурда колго тийбегендиктен жана башка иштер менен алектенип жүргөндүктөн “Ыр дөөлөт” аттуу чоң топтомун (2022) өткөн жылы толук окуп чыккам. Ага ырлары, поэмалары, өзү жөнүндө жазган макалалар кириптир. Адегенде эле айтарым – ыр жыйнактарын убагында окубаганыма өкүнүп калдым. Себеби – Т.Нурманбетов турмушунда да, жумушунда да, поэзияда да таза, чынчыл, мекенчил. Биринчиден, ал Т.Самудинов сыяктанып 40 жылдан бери жеткинчектердин “Кырчын” журналын чымыркана чыгарып келатат. Мындан оор иш барбы!
Экинчиден, ырлары, поэмалары да маңыздуу, драмалуу, салмактуу жазылыптыр. Айрыкча өз тагдыры, керт башынын кетирген катачылыктары, үй-бүлө коогалары, элинин тарткан азап-тозогу, кайгысы жөнүндөгү ырлары, “Мен тарткан азап”, “Азиз аке”, “Аксы алааматы” поэмалары көңүл бөлөрлүк. Албетте, шаңдуу, жайдары, арзуу ырлары да аз эмес. Акын тагдыры татаал болсо да жакшы адамдарды унутпайт, аларга мактоо ырларын арнайт. Дүйнөнүн эки жагын тең (жакшы-жаманын) көрө билген акындын чыгармачылыгын калыс талдап-баалаган макалалардын жыйнакка кириши да орундуу болгон деп ойлойм.
Т.Нурманбетовдун курдашы, бизге жашташ Калчоро Көкүловду ошол убакта көрүп-билип жүргөм, бирок ыр китептерин Тынчтыкбектики сыяктуу эле окуган эмесмин. Быйыл Ж.Касаболотовдун жаңы чыккан “Сын китебин” сатып алып, окуп отурсам К.Көкүловдун поэзиясы тууралуу жылуу маанайда жазылган макаласы бар экен. Эски таанышымдын “Дүйнө күн” (2012), “Ыйман ыры” (2021) деген акыркы эки китебин таап окуп чыктым. Сыртынан калбаат, балбан көрүнгөн, бою узун Калчоро иш жүзүндө жүрөгү назик, ою терең, чынчыл акын тура. Айрым ырларынын аталышын эле келтирейин: “Карапайым турагым бар салынган”, “Азыр эми баштагыдан башкамын” (60 жаш жөнүндө), “Бардыр менин кыйшык жерим, түз жерим”, “Чаптым далай пенделиктин арыгын”, “Турмуш”, “Шегим жок бул дүйнөнүн кеңдигине”, “Өх дүйнө, өктөм дүйнө” (“Дүйнө күн” китебинен), “Турмуш мени мышык кылып ойноттуң…”, “Тагдыр мени нечен ирет сынагын”, “Мен турмушту аркы-терки калчадым”, “Ушул аалам жаңы туруп эски да”, “Чындык үчүн күйүш керек биликтей” (“Ыйман ыры” жыйнагынан). Акын өз дүйнөсүнөн тышкары эли, эгемен мезгил жөнүндө да ак-караны калчаган таза сезимдерин, олуттуу ойлорун билдирет. Акыркы китебиндеги “Аптаптуу айыл же балалык жөнүндөгү айлампа ыр”, “Мезгил ыргагы”, “Коргоол” поэмалары кургак баяндамачы, акыл-насыятчы акындардан айырмаланып кыска, бирок нуска.
Т.Нурманбетов менен К.Көкүловдун курсташтары Б.Усубалиев менен Ө.Караев башынан эле кара сөзгө ыкташкан. Ө.Караевдин шапалактай болгон китепчеси “Жаш калем” сериясынан 1970-жылдары чыкканын билем. Анда аңгемелери жарыяланса, эми 50 жылча өткөндө “Төрт повесть” деген калың китебин (2024) чыгарыптыр. “Нускадан” сатып алып окудум. “Жарык дүйнөнүн жазасы”, “Таймаш”, “Жашоо бүтпөйт”, “Кылтак” аттуу баяндар экен. Баары баңги заттарга байланышкан каармандарды жана окуяларды камтыйт. Сюжети, тили жагынан дурус болгону менен (айрыкча “Кылтак”) каармандардын мүнөзүн ачуу, психологиясын көрсөтүү, курулушу, стили боюнча ойдогудай эмес, борпоң, ишенимсизиррээк.
Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” аттуу чоң китебине (2023) кирген аңгемелер ар кыл: мыктылары, ортозаарлары, начарлары бар. Жалпысынан жакшы китеп. Негизинен бала чак, мектеп, студенттер, окутуучулар турмушун баяндайт. Бул тегин жерден эмес: Б.Усубалиевдин өзү узак убакыттан бери жогорку окуу жайларында окутуучулук кылат, профессор, Улуттук илимдер академиясында мүчө-корреспондент. Экөөбүз көп жылдар адабият жана өнөр адамдары жашаган (мен бир нечесин өйдөдө санагам) үйдө бала-чакабыз менен чогуу турганбыз, демек, эски тааныш, жолдошпуз. Ал тил илими, айрыкча стилистика боюнча мыкты адис болгондуктан жазганы да, стили да жакшы: каармандарды жана
окуяларды көркөм сүрөттөөдө туташ, узун
тексттерди, монолог, диалогдорду ыктуу колдонот, атүгүл реалдуу адамдардын аты-жөнүн (Хрущёв, Бакиев, Танаев, Т.Бакир уулу деп) келтирет. Стили өзүнө чейинки К.Жусубалиев, М.Гапаров, К.Жусупов, курбалдаш жана кичүү А.Матисаков, М.Сабыровдордун чыгармаларына окшош.
(Уландысы бар)

