Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧыңгыз Айтматов тууралуу биографиялык тасма тартылат

Чыңгыз Айтматов тууралуу биографиялык тасма тартылат

Кыргызстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жөнүндө биографиялык көркөм тасма тартылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады. 

Фильм Чыңгыз Айтматовдун бала чагынан баштап, дүйнөлүк адабияттагы турмуш жолун баяндап, чыгармачылыгындагы негизги учурларды камтыйт.

Долбоорду жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов ишке ашырары белгилүү болду. Ал жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен келишим түзгөн.

Режиссёрдун айтымында, бул фильм Айтматовдун өмүр жана чыгармачылык жолун баяндап гана тим болбостон, кыргызстандыктардын жаңы муунун өз кыялдарына ишенип, аларды ишке ашырууга шыктандырууну көздөйт.

Каныбек Калматов — дүйнөлүк таанымал ВГИК киноинститутунун бүтүрүүчүсү. Буга чейин «Бейиш эненин таманында» аттуу көркөм тасманын башкы оператору катары таанылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар