Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКосмосто кооптуу таштанды көп

Космосто кооптуу таштанды көп

Япония өкмөтү Жер шарынын айланасындагы спутниктерге, космостук байланыштарга, навигация жана байланыштарга тоскоолдук жарата турган фрагменттерди, ар кандай корабль сыныктарын тазалоо эл аралык эрежесин иштеп чыгарын билдирди.

Кyodo агенттигинин билдиришинче, 2026-жылдын март айына чейин алгач юридикалык жана процедуралык маселелери такталып, мындай объектилердин кожоюндары такталмакчы. Ошондой эле бул иште Япония БУУ структуралары менен тыгыз кызматташууга кызыкдар.

Япониянын илимпоздорунун билдиришинче, космостук таштандылар Жердин айланасында секундасына сегиз чакырым ылдамдыкта жылып жүрөт. Ошондуктан кичирээк көлөмдөгү сыныктар дагы кагылуушууда чоң зыян алып келет.

Европалык космос агенттигинин маалыматы боюнча учурда Жер айланасында өз ресурсун иштеп бүткөн 3 миңдей спутник жана 2 миңдей ракета фрагменттери айланып жүрөт. А дагы бир маалымат булактары боюнча орбитада диаметри 10 сантиметрден чоң 30 миңден ашык фрагменттер бар.

Мелис СОВЕТ уулу, 
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар