Башкы беткеСаясат жана коомКоомЫсык-Көлдөн Дүйшөмбү жана Кожентке аба каттамдарын ачуу мерчемделүүдө

Ысык-Көлдөн Дүйшөмбү жана Кожентке аба каттамдарын ачуу мерчемделүүдө

Ысык-Көлдөн Дүйшөмбү жана Кожентке аба каттамдарын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостоновдун Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Хабибулло Назарзода менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Дүйшөмбү—Бишкек—Дүйшөмбү жана Кожент—Бишкек—Кожент багыттары боюнча каттамдардын санын көбөйтүү, Дүйшөмбү—Ысык-Көл жана Кожент—Ысык-Көл багытында жаңы каттамдарды ачуу, учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн жарандык авиация тармагындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, жолугушуу 15-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар