Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мончодогу мигранттардын окуясы боюнча россиялык кесиптеши менен КМШнын Адам укуктары боюнча жыйынынын алкагында Москвада жолукту.
Жамиля Жаманбаева 10-апрелдеги кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Россиянын акыйкатчысы Татьяна Москальковадан кыргызстандыктардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү суранды.
“Видео кадрларда кыргыз жарандарынын массалык кармалышы учурунда күч колдонуу канчалык негиздүү деген суроо жаралат. Кыргыз жарандарына карата ар кандай административдик же күч колдонуу чаралары процесстик укуктарды, эл аралык милдеттемелерди сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун толук укуктуу мүчөсү”, — деген акыйкатчы.
Москалькова бул окуя боюнча анын кайрылуусунан кийин Россиянын прокуратура жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштаганын билдирди.
“Бул окуяга мен реакция жасадым, өзүм көзөмөлдөйм. Учурда биздин өлкөдө коопсуздукту күчөтүү талап кылынууда. Бирок коопсуздук чараларын күчөтүү менен бирге мыйзамдуу жүргөн адамдардын укуктары бузулбашы керек”, — деди Россиянын акыйкатчысы.
Ал ошондой эле жакында Шереметьево аэропортунда мигранттарга жасалган катаал мамиле боюнча Чек ара жана Бажы кызматтары менен биргеликте чара көргөнүн кошумчалады.