Президент Садыр Жапаров IV Элдик Курултайда кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, өлкөдөгү абал, мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги маселелери боюнча элге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана IV Элдик Курултайдын делегаттарына кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы Курултайдын алдында “Улут деми — Уңгужол” гобелени менен таанышты. Бул чыгарма көп улуттуу Кыргызстандын биримдигин жана ынтымагын символдоштуруп, тарыхый эстутумду, азыркы учурду жана өлкөнүн келечек образын бириктирет.

Төртүнчү Элдик Курултайга 690 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын делегаттары катышууда.

Делегаттар эсептөө комиссиясынын 11 мүчөсүн жана Улуттук Кеңештин 17 мүчөсүн бекитишти. Андан соң Улуттук Кеңештин 17 мүчөсү төраганы жана анын эки орун басарын шайлашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз