Бүгүн Кыргызстанда 27 өндүрүш объектиси жана 67 социалдык объект өз ишин баштады

Быйыл Кыргызстанда жалпысынан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн алкагында 291 социалдык объект жана 119 өндүрүштүк ишкана ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн онлайн форматта 27 өндүрүш объектиси жана 67 социалдык объект расмий түрдө ачылат. Бул объекттер өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашып, калктын жашоо сапатын жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Социалдык объекттердин катарына мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери, спорт жана маданият объекттери кирсе, жаңы ишканалар өндүрүштү жандандырууга, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана ички рынокту чыңдоого багытталган.

Адылбек Касымалиев мамлекет тарабынан инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана аймактарды тең салмактуу өнүктүрүү багытында иштер улантыларын белгиледи. Анын айтымында, мындай долбоорлор экономиканын туруктуу өсүшүнө жана жарандардын социалдык абалын жакшыртууга түздөн-түз таасир этет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз