Башкы беткеРубрикаларАймактарКаракол шаарында 3,5 миң орундуу жаңы стадиондун курулушу аяктады

Каракол шаарында 3,5 миң орундуу жаңы стадиондун курулушу аяктады

Каракол шаарында жаңы заманбап стадиондун курулушу аяктап, жакында көрүүчүлөргө ачылышы болот. Бул тууралуу жергиликтүү администрация билдирди.

Маалыматка ылайык, 3560 орунга эсептелген объект пайдаланууга берүүгө даяр.

Аянты 5,5 гектардан 7 гектарга чейин кеңейтилген стадион эл аралык стандарттарга жооп берет жана ыңгайлуу машыгуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык шарттар менен жабдылган. Учурда сырткы жасалгалоо, ошондой эле ирригациялык жана паркинг системаларын уюштуруу боюнча жыйынтыктоочу иштер жүрүп жатат.

Жаңы стадиондо Кыргызстандын Жогорку Лигасында ойногон «Барс» футболдук клубу жайгашат.

Долбоор «Каракол — өнүгүү чекити» мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылып, 680 миллион сомго каржыланган.

 

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар