Башкы беткеЖогорку КеңешДепутат: «Айлык көтөрүлгөнү менен кымбатчылык болуп жатат»

Депутат: «Айлык көтөрүлгөнү менен кымбатчылык болуп жатат»

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев айлык, пенсия көтөрүлүп жатканы жакшы экенин, бирок кымбатчылык болуп жатканын айтты.

«Аймактарды кыдырып келдик. Пенсия көтөрүлүп жатат. Айлык көтөрүлүп жатат. Баары жакшы. Бирок артынан кымбатчылык болуп жатат. Монополияга каршы комитет креслого жабышпай, сыртта иштеш керек. Чүйдө нефтебазада дизель 60 сом турат. Май куюучу жайларда 73 сом деп турат. Цемент кымбаттады деп туруп, башка нерселер да кымбаттап жатат. Кафе-ресторандарды карап көргүлө. Булар тейлөөнү 15 пайызга көтөрүп алышты. Бул да кымбатчылыкка алып келет»,— деди депутат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар