Болгариянын президенти Румен Радев 20-январда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазарын билдирди. Бул тууралуу ал 19-январда болгар элине кайрылуусунда маалымдады.
Президенттин айтымында, мындай чечим ага алдыдагы кезексиз парламенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.
«Эртең мен Болгария Республикасынын президенти кызматынан кетүү тууралуу арызымды тапшырам», — деди Румен Радев.
Ал мындан ары өлкөнүн келечеги үчүн саясий күрөштү улантууга даяр экенин белгилеп, болгар элин биримдикке чакырды.
«Бизди Ата Мекендин келечеги үчүн күрөш күтүп турат. Мен бул күрөштө сиздер менен бирге — татыктуу, дем-күчтүү жана тайманбас болобуз деп ишенем. Биз даярбыз, колубуздан келет жана сөзсүз ийгиликке жетебиз», — деди ал.
Маалыматка ылайык, президенттин кызматтан кетиши менен Болгарияда кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча тиешелүү жол-жоболор башталат.

