Каир шаарында Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдель Аты Палестинанын технократтар комитетинин төрагасы Али Абдель Хамид Шаас менен жолугуп, Египет бул комитеттин ишмердүүлүгүн толук колдой турганын билдирди. Бул тууралуу Египеттин ТИМинин билдирүүсүндө айтылды.
Маалыматка ылайык, Египет комитеттин төрагасын жана анын бардык мүчөлөрүн учурдагы оор мезгилде өз мойнуна алган жоопкерчилиги үчүн колдойт. Министр комитет Газа секторунда калктын күнүмдүк жашоосун уюштурууда жана алардын негизги муктаждыктарын камсыздоодо маанилүү ролду аткарарын белгиледи. Бул өз кезегинде Палестина администрациясына Газада өз милдеттерин толук кандуу кайрадан аткарууга мүмкүнчүлүк берет.
Бадр Абдель Аты Египет палестин элине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарын айтып, Газадагы тынчтыкты жөнгө салуу планынын экинчи этабын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кадамдарды тез арада аяктоого чакырды. Анын ичинде гуманитардык жардамды жеткирүүнү улантуу жана согуштан кийинки калыбына келтирүү жана реконструкция иштерине даярдык көрүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле Египет Палестинанын аймактык бүтүндүгүн сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Газа секторун бөлүүгө багытталган ар кандай аракеттерди толук четке кагарын дагы бир жолу ырастады.
Өз кезегинде Палестинанын технократтар комитетинин төрагасы Египетке палестин маселесин колдогону жана ушул маанилүү мезгилде көрсөткөн саясий жана гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн айта кетсек, технократтар комитети Газаны согуштан кийинки убактылуу башкаруу максатында түзүлгөн. Палестин жетекчилиги аталган комитетти колдоорун билдирген.

