Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трамптан Жакынкы Чыгышта тынчтыкты бекемдөөгө жана аймактагы жаңжалдарды жөнгө салууга багытталган эл аралык демилгеге кошулуу боюнча расмий чакыруу алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстанга Тынчтык кеңешине негиздөөчү мамлекет катары кошулуу сунушу берилген. Бул демилге 2025-жылдын 29-сентябрында жарыяланган Газадагы жаңжалды токтотуу боюнча Комплекстүү планга негизделип, дүйнөлүк лидерлер тарабынан колдоого алынган. Ошондой эле ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы №2803 резолюциясы менен жактырылган.
Демилгенин негизги элементи — узак мөөнөттүү тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу жоопкерчилигин өз мойнуна алууга даяр мамлекеттерди бириктирген жаңы эл аралык түзүм — Тынчтык кеңешин түзүү болуп саналат.
Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трампка жооп кат жолдоп, Өзбекстан Тынчтык кеңешине негиздөөчү мамлекет катары кошулууга даяр экенин билдирген.
«Президент бул демилгени Жакынкы Чыгыштагы көп жылдык жаңжалдарды чечүүгө, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам катары баалайт», — деп айтылат билдирүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп Газада Тынчтык кеңешин түзүү тууралуу 2026-жылдын 16-январында жарыялаган. Бул уюмду түзүү АКШ президентинин Газадагы тынчтык планынын бир бөлүгү болуп, эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу маселесин да камтыйт.
Ошол эле күнү Ак үй Тынчтык кеңешинин аткаруучу комитетинин курамын жарыялады. Анын курамына жети мүчө кирип, алардын арасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф, президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер жана Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр бар.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, кеңешке туруктуу мүчө болууну каалаган мамлекеттерден кеминде 1 млрд доллар салым кошуу талап кылынат. Уюмдун уставынын долбооруна ылайык, Тынчтык кеңешинин биринчи төрагасы Дональд Трамп болот. Ал кеңешке мүчө кабыл алуу, ошондой эле уюмдун чечимдерин бекитүү же четке кагуу укугуна ээ болот.
Буга чейин АКШ президентинин Тынчтык кеңешине кошулуу боюнча сунушун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да алып, ага макулдук берген. Ошондой эле Москва АКШ тарабынан Россиянын президенти Владимир Путинге да ушундай чакыруу жөнөтүлгөнүн ырастаган. Учурда РФ президенти бул сунуштун шарттарын изилдеп жатат.

