Жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» гезитинин демилгеси ишке ашууда. Кыргызстанда заманбап журналистиканын медиа мектеби өз ишин баштайт.
Маалыматка ылайык, ар ай сайын журналистиканын сапатын жогорулатуу, этиканы сактоо жана медианын туруктуу өнүгүшү боюнча тренингдер өткөрүлөт.
Ошондой эле медиа жана тил саясаты, жасалма интеллект жана журналистика, мультимедиа форматтары — подкаст, видео жана инфографиканын колдонулушу, социалдык тармактар жана журналистика, фактчекинг жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү, маалымат булактарын коргоо, санариптик коопсуздук жана башка актуалдуу темаларда талкуулар уюштурулат.
Биринчи тренинг 18-июнда саат 09:00дө Улуттук тарых музейинде “Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдө журналистиканын орду» темасы боюнча өтөт. Ага медиакоомчулуктагы бардык кызыкдар тараптар катышса болору айтылат.
Эске салсак, 29-апрелде «Кыргыз Туусу» жалпы улуттук гезити «Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери» аттуу кереге кеңеш өткөргөн.
Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин окутуучулары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле тилди жайылтууга салым кошуп жаткан эркин медиа эксперттери катышып, суроолорун жана сунуштарын беришкен.
Кереге кеңештин жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин колдонулушу: учурдагы абал, жетишкендиктер жана көйгөйлөрдү туруктуу негизде талкуулап туруу, сүйлөө жана жазуу маданиятын калыптандыруунун орчундуу маселелери боюнча ЖМК өкүлдөрүнө, басма сөз кызматкерлерине арналган атайын нускама иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүү чечими кабыл алынган.