Тышкы иштер министри “Борбордук Азия – Россия” форматындагы жолугушууга катышат

Жээнбек Кулубаев Москва шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат. Жыйындын алкагында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу жүргүзүлөт. Ошондой эле Шериктештиктин жогорку органдарынын кароосуна сунуштала турган документтерди кабыл алуу пландалууда.

Мындан тышкары, министр “Борбордук Азия – Россия” форматындагы тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусуна да катышат. Бул жолугушууда 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөн саммитте кабыл алынган 2025–2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планынын аткарылышы каралат.

Тараптар өзгөчө төмөнкү багыттарга көңүл бурушат:

  • соода тоскоолдуктарын жоюу;
  • транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү;
  • регионалдык коопсуздукту чыңдоо.

Эксперттердин баамында, мындай форматтагы жолугушуулар аймактагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана саясий диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз