Ошто китеп фестивалы өтөт

Ош шаарында 22–23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Окурман Ош” аталышындагы китеп фестивалы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага окуучулар, студенттер, китеп сүйүүчүлөр, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышат.

22-апрелде ОшМУда студенттер жана мектеп окуучулары үчүн белгилүү бир чыгарманын негизинде тест уюштурулат. Ошол эле күнү С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында К. Иманалиевдин “Куса” драмасынын негизинде даярдалган спектакль көрсөтүлөт.

23-апрелде Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында “Шаар тургундарын жана жаштарды китеп окууга тартуу: көйгөйлөр жана чечимдер” деген темада тегерек стол өтөт. Ошондой эле ОшМУда КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-жазуучу Зинакан Пасанованын 70 жылдык мааракесине арналган чыгармачылык кече болот. Ал эми саат 17:00дө Алымбек датка эс алуу жайында китеп жарманкеси ачылат.

Гезит

УҢГУЖОЛ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ

  “Күн алдында мугалимден бийик эч ким жок"  (Байыркы грек макалы)               Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар