Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ менен Иран: Ормуз кысыгы боюнча 48 сааттык ультиматум

АКШ менен Иран: Ормуз кысыгы боюнча 48 сааттык ультиматум

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгы боюнча 48 сааттык ультиматум берип, кысык ачылбаса, ирандык электр станцияларына сокку уруларын билдирди.

Трамп бул тууралуу өзүнүн Truth Social платформасында жазып, эгер Тегеран талаптарды аткарбаса, АКШ “энергетикалык объектилерди жок кыларын” эскертти.

Өз кезегинде Иран бийлиги мындай аракеттерге жооп катары Ормуз кысыгын толугу менен жаап салуу коркунучу бар экенин билдирди. Өлкөнүн аскердик жетекчилиги АКШ Ирандын энергетикалык инфраструктурасына сокку урса, кысык жабылып, ал толук калыбына келмейинче ачылбай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, Тегеран Израилдин энергетикалык жана IT-инфраструктурасына, ошондой эле аймактагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку уруу мүмкүнчүлүгүн да кыйытты.

Ошол эле учурда Иран тургундары мүмкүн болгон эскалация электр энергиясынын өчүрүлүшүнө жана суу тартыштыгына алып келет деп кооптонушууда.

Kpler маалыматына ылайык, акыркы үч жумада Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин саны кескин азайып, кадимки деңгээлдин болжол менен 5%ын гана түздү.

Гезит

От товара к имени

Как превратить обычный продукт в узнаваемый бренд страны          В глобальной экономике конкурируют не только товары, но и страны. На мировых рынках выигрывают те государства,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар