Украина менен Венгриянын ортосундагы мамиле газ жана мунай түтүктөрүнө байланыштуу маселелерден улам курчуп баратат.
Венгрия буга чейин Россиядан мунайды Украина аркылуу өткөн түтүк аркылуу алып келген. Бирок январь айында болгон соккудан кийин түтүк жабыркап, жеткирүү токтогон.
Будапешт Украина тарапты ремонт иштерин атайылап жай жүргүзүп жатат деп айыптоодо. Өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан Киевди “мунай блокадасын” жасоодо деп сындады.
Ал арада 5-мартта Венгрияда украиналык мамлекеттик банктын жети кызматкери акча адалдоого шектелип кармалып, кийин өлкөдөн чыгарылган. Бирок алардын алып жүргөн накталай акчасы жана алтын куймалары кайтарылган эмес.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Орбандын билдирүүлөрүн катуу сынга алды.
Мындан тышкары, Европа Биримдиги Украинага 90 млрд евро көлөмүндө кредит берүүнү пландаган. Бирок бул чечим азырынча Венгриянын каршы позициясынан улам ишке ашпай турат.
Адистердин айтымында, каржылоонун кечеңдеши Украина үчүн быйылкы жылдын биринчи жарымында олуттуу бюджеттик тартыштыкка алып келиши мүмкүн.

