Европада белгилүү журналист Питер Вандермерш жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн, бирок чындыктай көрсөтүлгөн цитаталарды колдонгону үчүн кызматтан убактылуу четтетилди.
Нидерландиялык NRC басылмасы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Вандермерш Mediahuis компаниясына жазган 53 материалдын 15инде ойдон чыгарылган цитаталарды колдонгон. Айрым учурларда бул цитаталар көрсөтүлгөн булактардан, илимий эмгектерден же жаңылык материалдарынан табылган эмес.
Иликтөөнүн жүрүшүндө макалаларда аты аталган жети адам өздөрүнө таандык делген сөздөрдү эч качан айтпаганын дагы тастыкташкан.
Питер Вандермерш 2022–2025-жылдары Mediahuis Ireland компаниясынын башкы директору болуп иштеген. Кийин ал компанияда журналистика жана коом маселелери боюнча эксперт катары иштеп жаткан. Учурда ал бул кызматынан убактылуу четтетилди.
Журналист өз блогунда маалыматтарды иштетүүдө ChatGPT, Perplexity жана Google NotebookLM сыяктуу инструменттерди колдонгонун билдирген. Анын айтымында, бул системалар айрым учурларда реалдуу эмес цитаталарды «ойлоп таап», адамдар айтпаган сөздөрдү алардын атынан берип койгон.
Вандермерш бул аракетин катачылык деп атап, мындай моделдер кээде өтө ишенимдүү, бирок туура эмес маалыматтарды бере аларын белгиледи. Ал буга чейин да кесиптештерине ушундай коркунуч тууралуу эскертип келгенин кошумчалады.
Журналист учурда жасалма интеллектти толугу менен четке какпай турганын, бирок аны колдонууда мурдагыга караганда этият мамиле кыларын айтты.


