Башкы беткеМаанилүүСеулда кыргыз-корея дипмамилелеринин 33 жылдыгы белгиленди

Сеулда кыргыз-корея дипмамилелеринин 33 жылдыгы белгиленди

Сеул шаарындагы Lotte Concert Hall концерттик залында Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 33 жылдыгына арналган «Colour of Asia» аттуу эл аралык концерт өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага 2 миңден ашуун мекендештер жана коноктор катышты.

Концерт Кыргызстандын Кореядагы элчилиги тарабынан, Seoul Foundation for Arts and Culture, ABC Corporation, CJS International Culture & Arts Association, Vino Worldwide Co., Ltd. жана Soreal Philharmonic Orchestra менен биргеликте уюштурулду.

Маалыматта концерттин бай мазмунун Корея, Италия жана Монголиядан келген белгилүү тенорлор, сопрано аткаруучулар кооздоп, көрүүчүлөр кыргыз улуттук «Айпери» бий ансамбли менен комузчулар дуэтинин чыгармаларын жылуу кабыл алышканы жазылган.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова мындай маданий иш-чаралар элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөдө маанилүү роль ойной тургандыгын белгиледи.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар