Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгында Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу долбоорун ишке ашырууну камсыздоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын биринчи жыйынында долбоорду жүзөгө ашыруунун учурдагы абалы, ишти уюштуруунун негизги маселелери каралды.
Долбоорду таасирине туш болгон жер тилкелери менен байланышкан маселелер, трассанын башкы планын бекитүү, ошондой эле курулуш материалдарын үзгүлтүксүз жеткирүү, инженердик коммуникацияларды көчүрүү сыяктуу укуктук, финансылык жана логистикалык багыттар боюнча мындан аркы координацияны күчөтүү жана кыска мөөнөттө макулдашылган чечимдерди кабыл алуу зарылдыгы белгиленди.
Андан тышкары, ведомство аралык жумушчу комиссия Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу түшө турган жер тилкелерин бошотуу маселелерин талкуулап, тиешелүү жетекчилерге жана жергиликтүү бийлик органдарына долбоорго байланышкан маселелерди мыйзам чегинде ыкчам чечүү боюнча тапшырмалар берилди.