Башкы беткеМинистрлер кабинетиМинКаб башчысы Адылбек Касымалиев "Кара-Жыгач бактагы" ишембиликке катышты

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев «Кара-Жыгач бактагы» ишембиликке катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаанын «Кара-Жыгач багы» паркынын аймагында өткөн ишембиликке катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы парк аймагынын учурдагы абалы жана аны мындан ары көрктөндүрүү боюнча пландар менен таанышты, ошондой эле жаш көчөттөрдү отургузууга катышты. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев сейил бактын ирригациялык системасын калыбына келтирүү, токой фондун сактоо жана шаардыктар үчүн рекреациялык аймактарды кеңейтүү боюнча чаралар тууралуу кеңири айтып берди.

Адылбек Касымалиев «Кара-Жыгач багы» сыяктуу шаар ичиндеги табигый объектилерди сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, экологиялык күн тартиби жана борбор калааны жашылдандыруу мамлекеттин өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы шаардыктарды жана жаштарды айлана-чөйрөгө сак мамиле кылууга чакырып, борбор калаадагы тазалык — бул бийликтин биргелешкен аракетинин жана ар бир жашоочунун жоопкерчиликтүү мамилесинин натыйжасы экенин белгиледи.

Ишембиликке Президенттин Администрациясынын кызматкерлери да катышты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар